Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов

Ормонов: той-аш боюнча мыйзамды бузган аткаминер, депутаттар иштен алынат

144
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Улукбек Ормоновдун айтымында, той-аш боюнча мыйзам күчүнө кирип калса, ашыкча шаан-шөкөт кылган депутат, аткаминерлер да жазаланат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда депутат, аткаминерлер үчүн өзүнчө берене каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "ЖК той менен тажиянын шартын катаалдатууну көздөөдө. Коом даярбы?" аттуу тегерек стол өткөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Ормоновдун айтымында, той-аш боюнча мыйзам күчүнө кирип калса, ашыкча шаан-шөкөт кылган депутат, аткаминерлер да жазаланат.

"Мыйзамдын 11-беренесинде "ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик" деген бөлүмү бар. Бул жерде жеке жана юридикалык жактар мыйзамды сактабаса жоопко тартылат деп жазылып турат. Кеп айып пул жөнүндө болуп жатат. Мындан тышкары, той-аш өткөрүүдө тартипти чоңдор өздөрү бузат деген элдин сөзүнөн улам алар үчүн да өзүнчө берене киргиздик. Анда "Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, атайын, административдик кызмат адамдары жана алардын балдары бул мыйзамдын талаптарын бузса, кызматтан алынат" деп жазылган. Булардын баары азыр коомдук талкууда", — деди эл өкүлү.

Ормонов мыйзамдын аткарылышын бийлик дыкаттык менен көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп, антпесе көп нерсе көмүскөдө калып каларын айтты.

144
Белгилер:
чектөө, депутат, той, мыйзам, Улукбек Ормонов
Тема боюнча
ЖК депутаты: ар бир айылга той-ашты көзөмөлдөгөн комиссия түзүүнү сунуштадык
Келдибек Ниязов: той-аш боюнча мыйзамды кыргыз түшүнгүдөй кылып жазгыла
Медициналык кызматкер вакцина менен шприцти кармап турат. Архив

COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы

18
(жаңыланган 13:42 24.06.2021)
Адистердин айтымында, жогорку деңгээлдеги антитело вакцинадан баш тартуу керек дегенди түшүндүрбөйт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина алардан мурда антителонун бар же жогун аныктоо үчүн тест тапшыруу зарыл эмес. Бул тууралуу Москва шаарынын коронавируска каршы ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө алдында дарыгер бейтапты стандарттык кароодон өткөрөт. Бирок атайын, тереңдетилген текшерүүдөн өтүүнү эч ким талап кылбайт.

Ошондой эле штабдан жогорку деңгээлдеги антитело болсо дагы вакцинадан баш тартпай эле койгон туура экенин кошумчалашты.

18
Белгилер:
эреже, антитело, тест, эмдөө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды
Манас аэропортундагы учак

Кыргызстандан Грузияга түз учууга жол ачылды

26
(жаңыланган 13:29 24.06.2021)
Жаңы каттам үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан баштап жумасына бир жолу жүргүзүлө турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Грузиянын Батуми шаарына түз каттам ачылганын кабарлады.

Бишкек — Батуми — Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды "Эйр Манас" авиакомпаниясы ишке ашырмакчы. Жаңы рейс ушул жылдын 17-июлунан тарта жумасына бир жолу (ишемби) каттай турганы белгилүү болду.

26
Белгилер:
Батуми, маршрутка, аэропорт, Грузия, каттам
Тема боюнча
Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына жасалчу аба каттамдардын саны көбөйдү
Бишкек Ирандан келген алгачкы рейсти тосуп алды, эми түз учууга болот. Сүрөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барып, Тажикстанга да тие келери кабарланды

0
(жаңыланган 14:23 24.06.2021)
Мамлекет башчы 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга барып, 28-29-июнда Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулайт.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрөт.

“Эки өлкөнүн жетекчилери эки жана көп тараптуу кызматташууну, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында иштешүүнү талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-29-июнь күндөрү Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолугары кабарланды. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга барарын Sputnik Тажикстан жазган. 

0
Белгилер:
чек ара, расмий сапар, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду