Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, көзү тирүү маалында СССР тарабынан берилбей калган сыйлыктарды ардагерлердин жакындарына тапшыруу аземи болуп өттү

Бишкекте согуш ардагерлеринин кыздарына аталарынын сыйлыгы тапшырылды

32
(жаңыланган 18:41 27.05.2021)
Эрдик" жана "Сталинградды коргогону үчүн" медалдар ардагерлердин кыздарына берилди. Иш-чара Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда өттү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, көзү тирүү маалында СССР тарабынан берилбей калган сыйлыктарды ардагерлердин жакындарына тапшыруу аземи болуп өттү.

  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, көзү тирүү маалында СССР тарабынан берилбей калган сыйлыктарды ардагерлердин жакындарына тапшыруу аземи болуп өттү
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    Россиянын мамлекеттик сыйлыктарын РФтин Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня тапшырган
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    294-полктун аткычы, 1918-жылы туулган Калкаман Адамалиев (1943-жылдын 30-августунда 294-аткычтар полкунун командиринин буйругу менен) "Эрдик" медалы менен сыйланды
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    Сыйлык ардагердин кызы Бактыгүл Адамалиевага берилди
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    Мындан сырткары, эки кыргызстандык Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан берилген III баскычтагы "Издөө кыймылындагы артыкчылыктары үчүн" сыйланган
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • В Российском центре науки и культуры в Бишкеке состоялось награждение погибших (умерших) участников Великой Отечественной войны, которым при жизни не были вручены заслуженные награды СССР
    Сыйлык Каныбек жана Гүлнур Мырзакановдорго тапшырылды.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 6
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, көзү тирүү маалында СССР тарабынан берилбей калган сыйлыктарды ардагерлердин жакындарына тапшыруу аземи болуп өттү

Россиянын мамлекеттик сыйлыктарын РФтин Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня тапшырган.

294-полктун аткычы, 1918-жылы туулган Калкаман Адамалиев (1943-жылдын 30-августунда 294-аткычтар полкунун командиринин буйругу менен) "Эрдик" медалы менен сыйланды. Сыйлык ардагердин кызы Бактыгүл Адамалиевага берилди.

"Сталинградды коргогону үчүн" медаль 138-аткычтар дивизиясынын аткычы, 1923-жылы туулган Петр Евдоковго (1942-жылдын 22-декабрында СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы) берилди. Сыйлык анын кызы Наталья Шведге тапшырылды.

Мындан сырткары, эки кыргызстандык Россиянын Коргоо министрлиги тарабынан берилген III баскычтагы "Издөө кыймылындагы артыкчылыктары үчүн" сыйланган. Сыйлык Каныбек жана Гүлнур Мырзакановдорго тапшырылды.

32
Белгилер:
сыйлык, Улуу Ата Мекендик согуш, Россия, СССР
Тема боюнча
Жолматова: Фрунзе аскер окуу жайынан Хосни Мубарак, Хафез Асад билим алган
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

2
(жаңыланган 22:38 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүн" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон

2
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

12
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

12
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты