Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, УКМКнын запастагы полковниги, тарых илиминин кандидаты Болот Абдрахманов

Репрессиялангандар атылып кетүүгө эмнеге ашыккан. Болот Абдрахмановдун маеги

1652
(жаңыланган 20:17 27.05.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, УКМКнын запастагы полковниги, тарых илиминин кандидаты Болот Абдрахманов жакынкы убактарда эле "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) деген аталыштагы он томдук китебин чыгарды.

Эмгекте 1920-жылдан 1953-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын аймагындагы репрессия курмандыктарынын тизмеси жана кыскача маалыматы камтылган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Болот Абдрахманов менен катаал режимдин курмандыктары жана ошол мезгил тууралуу маек даярдады.

— Репрессиянын курмандыктарын изилдөөгө эмне түрткү болду?

— 1991-жылы Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылгандан кийин эл арасында тарыхтын жашыруун барактарын ачса болот экен деген ишеним пайда болуп, бизге (УКК — ред.) "атабыз кайда жатат?", "акталдыбы же жокпу?" деген таризде көптөгөн каттар, арыздар келе баштады. Бул окуя коомчулукта абдан сенсация жараткан. Өзүңүздөр билгендей, Чыңгыз Айтматов атасын канча жыл издеп кыйналды. Акыры Кыргызстандын аймагынан тапты. Россияда эбак эле репрессияда курман болгондордун тизмеси "Белая книга памяти" деген ат менен чыга баштаган. Ал эми Орто Азияда биринчилерден болуп биз чыгардык. Кавказ өлкөлөрү жана Украина бул ишти союз учурунда эле колго алган.

Сталиндик репрессияга кабылгандарды актоо процесси 1991-жылы активдүү башталды. Ошол беш-алты жылдын ичинде акталгандар тизмеленип келип, ортодо бир аз токтоп калды да 2014-жылы кайра ишке кириштик. Алгач өзүбүз улам акталгандардын тизмесин ондон, жыйырмадан жазып баштадык. Ушул аралыкта чыккан "Советтик Кыргызстан" гезитине акталгандардын аты-жөнүн жуманын аягында жарыялап турчубуз.

Книга жертв политических репрессий Кыргызской Республики
© Фото / пресс-служба ГКНБ
УКМКнын мурдагы кызматкери, УКМКнын запастагы полковниги, тарых илиминин кандидаты Болот Абдрахманов жакынкы убактарда эле "Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" деген аталыштагы он томдук китебин чыгарды.

— Маалыматтардын баары эле комитеттин архивинен алынган экен да...

— Улуттук коопсуздук комитетинин архивиндеги репрессияга кабылган 14,5 миңдей кишинин кылмыш ишин, аларга ачылган делолорду карап, китепке алфавит тартибинде жайгаштырдык. Мында туулган жылы, аты-жөнү, кайда иштегени, канчанчы жылы камакка алынганы жана атылган, соттолгон, ошондой эле акталган жылы да түшүрүлгөн. Ушул иштерди төрт жылдын ичинде китепке жарыялап, былтыр кыргызча вариантын чыгарсак, быйыл орусчасын бүтүрдүк. Болгону 100дөн гана нуска чыкты. Академик Владимир Плоских Кыргызстанда улутуна, динине карабай жалпы 40 миңге жакын адам репрессияланганын болжолдоп айткан. Биз тактап көрсөк, 40 миң эмес, 20-30 миңдей киши экен. Кандайча мындай болуп калды деп кызыгып карасак, 1930-жылы кулакка тартылгандардын көбү кийин кайра 1938-жылы репрессияланыптыр. Ошондо айрымдардын фамилиясы 2-3 жолу катталып калган экен. Плоских жөн гана божомолдогон, анткени УККнын архивине кирип, маалымат алууга ага эч мүмкүн болгон эмес. Биз тактап келип, 20 миңдин терегине токтолдук. Бул документтеги фамилиялар.

— Эмне себептен 1920-1953-жылдар аралыгын эле алдыңыздар?

— Биз комитеттин архивинде иштеп баштаганда, фонддун каттоосунда 14 жарым миң кылмыш иши болгон. Совет бийлиги биздин республикага 1918-жылы келгени менен ал убакта чекисттердин штаб-квартирасы Ташкентте болчу. Ал жылдарга тийиштүү бардык архивдик материалдар ошол жакта калды. Биз бул жакка көчүп келген 1920-жылдан берки архивдик маалыматтарды талдадык. Ал эми иликтөөнү Сталиндин өлгөн жылы — 1953-жыл менен жыйынтыктаганбыз. Анын көзү өткөндөн кийин репрессиялоо кескин азайган. Хрущевдин келиши менен репрессиялоо иши такыр токтогон деп айта албайбыз. Бирок алда канча кыскарган.

Полковник ГКНБ в запарсе, кандидат исторических наук Болот Абрахманов
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Абдрахманов: 1991-жылы Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылгандан кийин эл арасында тарыхтын жашыруун барактарын ачса болот экен деген ишеним пайда болду

— Негизи тоталитардык режимдин курмандыгы болгондордун саны алда канча көп экенин айтышат го?

— Ооба, айрым илимпоздор 100 миңден ашат деп жүрүшөт. Туура, буга да негиз бар. Себеби бир үй-бүлөнүн атасы репрессияланса, ошол кишинин балдары, жакындары да тозок жашоого кабылган. Бул жагын эске алуу менен моралдык жагынан караганда 100 миңден ашат. Бирок факты түрүндө документке түшкөндөрдүн саны 20 миңдин тегереги. Бул китеп окумуштууларга багыттама катары кызык болушу мүмкүн. Репрессияга туш болгондордун тизмесинде 55 улуттун өкүлү бар. Алардын эң көбү — сегиз миңге жакыны кыргыздар. Экинчи орунда орустар, андан кийин уйгур, өзбек, татар, немецтер. Экинчиден, биздин жети облустун бардык аймактарында, керек болсо ар бир айылда кулакка тартылып, репрессияга кабылгандар кездешет. Албетте, бул биздин өлкөнүн трагедиясы. Үчүнчүдөн, репрессияга бардык социалдык деңгээлдеги адамдар кабылган. Тизмедегилердин 44 пайызы айыл тургундары, дыйкандар. Көбү репрессияга 1930-жылдары коллективдештирүү башталганда кабылган. Ал кезде негизинен коомдо жумушчулар аз болсо да соттолгондордун 19 пайызын түзгөн. Курмандыктардын арасында интеллигенция өкүлдөрү, илимпоздор, мектеп директорлору, мугалимдер, колхоздун башкармалары аябай көп. Негизинен 14 жаштан 80 жашка чейинкилер репрессияланган.

— Булардын канчасы атууга кеткен?

— Масштабдуу репрессияга тартуунун белгилүү бир мезгилдери бар. Биринчи кезекте өткөн кылымдын 30-жылдары ири коллективдештирүү күч менен ишке ашырылып, камалгандар, атылгандардын саны көп болгон. Репрессиянын экинчи ирет күчөгөн мезгили 1937-38-жылдар. Ушул китептеги 20 миң адамдын төрт миңи атылган. Атууга кеткендердин ичинен деле көбү башка улуттан. Мисалы, кытай, уйгур, поляктарды тыңчы деген кине менен жок кылышкан. Бул жерде окумуштуулар үчүн изилдөөгө көп материал бар.

1938-жылы Германия согушка даярданып жаткандыгына байланыштуу СССРде жашаган немец улутундагы жарандардын арасынан фашисттердин шериктерин табуу боюнча НКВДнын атайын буйругу чыккан. Андан улам тыңчыларды издөө шылтоосу менен немец улутундагы дыйкандарды жана жумушчуларды камоо башталган. 1937-жылдын апрелиндеги датага коюлган бир ишти карап отурсам немец жумушчуну кармап келишкен экен. Аябай кыйнаганда ал колхоздун сарайын өрттөп салганын мойнуна алган. Кийин репрессиянын курмандыктарын актоо иштери башталып, колхозго барып эч кандай сарай өрттөлбөгөндүгү далилденген. Көрдүңүзбү, алар кыйноодон улам кылбаган ишин да кылдым деп эртерээк атылып кетүүгө шашкан.

— Интеллигенция өкүлдөрүнүн көбү саясий кине менен режимдин курмандыгына айланып кетиптир. Ал эми карапайым адамдарга көбүнчө кандай айып тагылган?

— Негизи тоталитардык системада коомчулукту, жарандарды дайыма катуу тартипте, коркунучта кармаш керек болгон. Сталин СССР жалгыз социалисттик өлкө болгондуктан башкалардын баары бизге каршы иштейт деген лозунгду кармаган. 1937-жылы Москвада Сталинге каршы куралдуу көтөрүлүш даярдалып жатат деген маалыматтын арты менен жети маршал, 100гө жакын генерал репрессияланган. Ошентип ошол кездеги Коргоо министрлигинин жетекчилеринин бардыгын Сталинге каршы чыгат деп жок кылышкан. Андан кийин Москвадан советтик башка республикаларга да "биз совет бийлигине каршы атайын түзүлгөн аскердик кызматкерлердин уюмун таптык. Силер эмнеге иштебейсиңер, издегиле" деген буйрук келет. Ошол маалда Кыргызстанда 53-улуттук кавалеристтик полк бар экен. Бул 1933-жылы басмачылар менен күрөшүп жүрүп такшалган, Кыргыз социалисттик республикасынын алгачкы аскердик кадрлары бар полк болуптур. Анда жаңы иштеп жаткан лейтенант, офицерлерди кошуп 44 кишини репрессиялашкан. Алар ошол учурдагы республиканын эң алгачкы аскердик командирлери болушкан эле.

Полковник ГКНБ в запарсе, кандидат исторических наук Болот Абрахманов (третий справа) на презентации свой книги
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Абдрахманов: Сталиндик репрессияга кабылгандарды актоо процесси 1991-жылы активдүү башталды

— Булар да эч күнөөсү жок эле атылып камалып кетишкен да...

— Ооба, болгону Москвадан аскерлердин арасын карап, куралдуу көтөрүлүшкө тиешеси барларды тапкыла деген буйрук келген. Мисалы, биз бир ишти карасак, орус командирден "ушундай буйрук келди, эмне дей аласың?" деп сураса, ал: "ии, бизде Алиев деген бир командир бар. Жыйналышта "сенин жоокерлериң уставды жакшы билбей жатыптыр" десе, "туура, алар орус тилди жакшы билбегендиктен уставды түшүнө албай жатышат. Ошону кыргызчага которуп койсок жакшы болот эле" деп айткан. Бул улутчул, демек, бул совет бийлигине душман", — деп көрсөтмө берип жатат. Мындай көрсөтмө бергендерге сөзүн далилдөөнүн деле кереги жок болчу. Эл комиссарлар кеңеши (НКВД — ред.) эл ичинде, коомдогу душмандарды издеп, тоталитардык режимдин планын толтуруп турушчу. Анткени буйрукту аткарбаса, өзүлөрү атууга кетиши мүмкүн эле. Ошону билип туруп, Чүйдө же Таластагы немецтердин айылдарына барып, чекесинен эле бирөөсүн кармап келип эле суракка алып, репрессиялап жиберишкен. Бардык багытта ушундай жалган каралоо жүргөн.

— Факты жок эле тоголок арыз жазуу түшүнүгү да ушул системада калыптанган го...

Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив
© Фото / предоставлено Центральным государственным архивом кинофонофотодокументов / Е. Фоменко
— Ооба, айрым уяты жок кишилер кызматта жетекчи болууну самап, өз кызыкчылыгына жетпей калса деле "Баланчаев мындай кылды" деп тоголок кат жаза коюп, аны каматып, өзү анын ордуна отура калган. Же болбосо кошуна келинди жактырып калып, анын күйөөсүн жоготуу максатында арыз жаза коюп каматып жибергендер да болгон. Анан көп улуттуу республика болгондуктан, көптөрүн улутчул, Социал-Туран партиясынын мүчөсү деп жайлай беришкен. Камалгандардын арасында аталган партиянын атын укпагандар да болгон. НКВД кызматкерлеринин 90 пайызы башка улуттан болгондуктан, көп учурда аяп, жан тартууну билген эмес. Бирок кызыгы — бул китептеги репрессиялангандардын арасында НКВДнын 125 кызматкери болгон. Кийин жетекчилери Г. Ягода, Н. Ежов "ии, ушунча кишини атууга кетириптирсиң, сен эл душманы турбайсыңбы", – делип өздөрү тоталитардык системанын курмандыгы болуп, атылып кетишкен. Бул жерде Сталини жок эле жеке кызыкчылыктан улам бири-биринин түбүнө жеткендер да кездешет.

— Биздеги Эл комиссарлары комитетинин (НКВД) ичинде кыргыздар да бар беле?

— Негизинен башка улуттар болчу. 1930-жылдарга чейин биздеги НКВДнын биринчи курамында орустардын өздөрү аз болчу. Көбүнчө еврейлер менен латыштар иштеген.

Полковник ГКНБ в запарсе, кандидат исторических наук Болот Абрахманов
© Sputnik / Нурайым Рысмамбетова
Абдрахманов: Улуттук коопсуздук комитетинин архивиндеги репрессияга кабылган 14,5 миңдей кишинин кылмыш ишин, аларга ачылган делолорду карап, китепке алфавит тартибинде жайгаштырдык

— Биздин айылда "троцкийчил" деп камалып кеткендер да болуптур...

— Көрсөтмө болсо эле буга так далилдин кереги деле жок болчу. Керек болсо китепте 500гө жакын имам, молдонун тизмеси бар. Аларды куран окуду, нике кыйган, бул молдо десе эле иши бүткөн. Анткени молдосуң, демек, совет бийлигине каршысың деп эсептешкен. Казакстандын лагерлеринде камалган кыргызстандыктардын тизмеси бар. Эгер биздин окумуштуулар кызыкса сурам жиберип, маалымат алса болот. Бирок жердештерибиздин кимиси качан, кайсы түрмөдө камакта жаткандыгы тууралуу бизде маалымат жок.

— "Ата-Бейитте" жаткан кыргыз элинин каймактарынын чоо-жайын да тактаптырсыз...

— Алгач ошол жерге Төрөкул Айтматовдун сөөгү жашырылгандыгы тууралуу документ белгилүү болбодубу. Андан кийин алардын аты-жөнү жазылган папканы карасак, калган 137 кишинин аты-жөнү такталып чыккан.

— Жүрөк тилген көп эле факты кездештирсеңиз керек?

— Азыр бул китепти карасак кургак гана статистика жазылып жатпайбы, бирок бул кишилердин иштерин казып жаткан учурда ар кандай тагдырлар кездешет. Бир топ кызыктарды окуйсуң. Мисалы, Көлдөн бир башкарманы "сен курал-жарак катып, көтөрүлүшкө даярданып жатыптырсың" деп камакка алышат. Башкарма камакта жатып жанындагыларды караса, улам четинен өлүп жаткандар менен атууга кетип жаткандар болот. Ошентип ал бир күнү тергөөчүлөргө: "жүргүлө, мен силерге каткан курал-жарактарымды көрсөтүп берейин" десе, тигилер "өзүбүз ойлоп чыгарсак, бул да макулдугун берип жатканына караганда чын эле го" деп таң калып, макул болуп машинага салып кошо барышат. Ал башкарма айылдын четиндеги чоң дөбөнүн үстүнө келгенде машинаны токтотуп, акырын чыгып айылын карап отурат экен. Беркилер бир аздан кийин "ай, кана көрсөтпөйсүңбү, кайсы жерге каттың?" дегенде тиги байкуш ыйлагысы келип: "Мен шылтоо менен эле акыркы жолу айылымды көрөйүн дегем, эми атсаңар атып салгыла", — дептир. Мындай кейиштүү тагдырлар көп болгон.

1652
Белгилер:
Аскер, курмандык, китеп, Кыргызстан, репрессия
Тема боюнча
Оорукананы айланып жүрүп эле көз жумганын интернеттен билдик. Каныбек Исаковдун бүлөсү
Төлөгөн Касымбековду коркутуп, КГБны аңдыткан. Салижан Жигитовдун кызынын маеги
Пустая улица в центре Нью-Йорка.

COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды

0
(жаңыланган 11:57 24.06.2021)
Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн чаңчалары абадагы COVID-19ду кантип башка жактарга таратарын изилдеп чыккан.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дарактардагы чаңчалар коронавирусту таратуучуларга кирерин Никосия университетинин окумуштуулары далилдеп чыкты. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер ар кыл бөлүкчөлөр COVID-19дун таратуучусу болорун аныктоого аракет кылып, бир нече изилдөөдөн кийин оорунун кескин жугушу менен абадагы чаңчалардын топтолушунун ортосундагы байланышты тапкан.

АКШдагы жаз күндөрү жел болгон учурда чаңчалардын бир минутанын ичинде 20 метрдей аралыктагы топтошкон адамдарды каптай алары белгиленген.

"Эксперименттин маанилүү милдеттеринин бири — турмуштагыдай, кадимки эл аралашып жүргөн шарттарда изилдөө жүргүзүү эле. Миңдеген адамдар жана чаңча дандардын бөлүкчөлөрү, жүздөгөн сабактар, мажүрүм талдан 65 кадам арыраактагы бир топ адамдардын тобу керек болду", — деп айтып берген окумуштуулардын бири.

Компьютердик модель чаңчалар коронавирусту өзү тараган аймактан да алыс алып кете турганын көрсөтүп берген.

Окумуштуулар аллергендердин картасын терең изилдеп, COVID-19 чындыгында эле чаңчалар арбын чыгып, көп учуп жүргөн аймактарда тез таралгандыгын аныктап чыгышкан.

Адистер мындай шартта стандарт катары талап кылынып жаткан эки метрлик аралыкты сактоо мааниге ээ болбой кала тургандыгын белгилешкен.

0
Белгилер:
окумуштуулар, эксперимент, коронавирус
Тема боюнча
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
COVID 19 үлгүлөрү менен иштеген лаборант. Архив

Өткөн суткада 822 кишиден коронавирус аныкталып, беш адам көз жумду