Борбордук мечит. Архив

Муфтийди шайлоонун күнү бекип, талапкерлер кайра тандалмай болду

194
(жаңыланган 23:07 27.05.2021)
Муфтийди шайлоо ушуну менен экинчи ирет жылды. Акыркы чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 26-июнь күнү өтөт. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу муфтийди тандай турчу Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жылдырылганы белгиленди.

"Ошондой эле каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды. КМДБнын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, конкурс өткөрүлмөкчү", — деп айтылат билдирмеде.

Аалымдар кеңешинин жыйынына анын мүчөлөрү менен биргеликте муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышкан.
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн тандап, андан соң курултайдын негизинде муфтийди шайлоо күнү 5-апрелге белгиленген. Бирок андан да айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону айтылып, 29-майга жылдырылган.

Көп өтпөй Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиев кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнөн улам өтпөй калганын билдирген.

194
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, Муфтий, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы
Тема:
Муфтийди шайлоо (9)
Тема боюнча
Муфтияттын алдындагы митинг: чогулгандар боз үйдү чечишти
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

52
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
52
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы
Вакцина алып жаткан кыз. Архив

Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу

38
(жаңыланган 23:02 24.06.2021)
Түркиянын саламаттык сактоо министри Turcovac вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу Кыргызстанда өтө тургандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркия коронавируска каршы вакцинасын үч өлкөдө сынайт, анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ата мекендик вакцинанын үчүнчү фазадагы сыноосу башталгандыгын айткан.

"Үчүнчү фазадагы изилдөөгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноолор Венгрия, Азербайжан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Биз тизмеге дагы башка мамлекеттерди кошууга аракет кылып жатабыз", — деген министр.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Түрк тарап сунуштап жатат, бирок биз алардын шарттарын билгибиз келет. Азырынча кат алмашуу гана болууда", — деди министр.

Препарат кооптуу эмеспи деген суроого Бейшеналиев "кооптуулук болушу мүмкүн" деп жооп берди.

Ал ошондой эле ортодо эч кандай макулдашуу жок экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm менен эмделип жатышат.

38
Белгилер:
сыноо, вакцина, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес