Семичке. Архив

Дарыгер семичкенин зыяндуулугун айтып берди

270
Дарыгер чийки семичкенин курамында көптөгөн витаминдер жана пайдалуу заттар бар экенин ырастаган. Бирок ал куурулган соң курсакты тез ачырарын эскертип, зыяндуулугун санап берген.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Күн караманын куурулган даны организмге терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу эндокринолог Зухра Павлова социалдык баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, семичкенин курамында Омега-6 майлуу кычкылдары көп болгондуктан организмдин сезгенишин күчөтөт. Дарыгер бул азык курсакты тез ачырарын эскертип, аны азыктандыруучу продуктунун катарына кошкон эмес.

"Чийки семичкенин курамында көптөгөн витаминдер жана пайдалуу заттар бар, бирок куурулган соң аларды колдонуу организмдеги картаюу процессин тездетет. Бул азыкта мите курт болушу мүмкүн, ошондуктан семичкени кооптуу азыктын катарына кошууга болот", — деген дарыгер.

Павлова ошондой эле семичке чаккандан кийин адамдын тишинде жарака пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен. Чийки семичкени сатып алгандан кийин аны жакшылап чайкап, андан соң кургатып туруп чагууну сунуш кылган.

270
Белгилер:
ден соолук, зыян, дарыгер, чемичке
Тема боюнча
Кайсы жашылча-жемиш клетчаткага бай? Дарыгердин кеңеши
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

39
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

39
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

78
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

78
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео