Силер бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт. Жапаров чек арачыларды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга аракет кылуу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада, капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Эсентур Кубанычовдун, прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктоосунда айтылат.
Өлкө башчынын маалымат кызматы кайрылуунун толук текстин жөнөткөн:
"Чек ара кызматынын урматтуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек арачылар күнү менен куттуктаймын! Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби ары татаал, ары жооптуу. "Чептен эрдин күчү бек" демекчи, чек арачы болуу – Мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Борбордук айылында салынып жаткан мектептин курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жапаров Лейлекте мектептин курулушун баштап берип, жоокерлер менен жолукту
Чек ара – адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак. Сиздердин кызматка кесипкөйлүк талаптары гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана өз милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.
2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада, капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Кубанычов Эсентурдун, прапорщик Юлдашев Бекзодбектин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат.
Ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, эки элдин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек.
Бүгүнкү күндө мамлекет жана коомчулук Чек ара кызматына кесипкөйлүктүн жаңы бийиктигине, жогорку мобилдүүлүккө жетишүү, өлкөгө террордук, экстремисттик жана башка кылмыш элементтеринин кирүүсүнө жол бербөө милдеттерин коёт.
Президенттин маалымат кызматы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы өрттөлгөн Максат айылында кайрадан салына турган үйлөр менен бала бакчанын эскизин жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Өрттөлгөн Максат айылына салына турган үйлөр менен бала бакчанын эскизи
Чек арачылардын өз кызматын ийгиликтүү өтөп жатышы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга өз учурунда жооп кайтарууга, ошондой эле аймактарда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоого зарыл шарттарды түзөт.
Урматтуу чек арачылар!
"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дегендей, мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөндөрдүн катарында өмүрү кылдын учунда турса да ыйык милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим-жерим деп соккон чыныгы эр-азаматтар көп. Кыргызстан эли сиздер менен сыймыктанат!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык, Ата Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм!"
Жаңылыктар түрмөгү
0