Күйүүчү май куйуучу жай. Архив

Канткенде автоунаа бензинди аз ичет. Эксперттин үч кеңеши

229
(жаңыланган 11:50 28.05.2021)
Эксперт үнөмдүү бензин же майды сатып алууга көп кызыга бербеш керектигин, баасы салыштырмалуу төмөн болгондор темир тулпардын тетиктерине зыян келтириши мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бензинди азыраак кетириш үчүн сунушталган үч ыкманы экономикалык эксперт Роман Алеев "Прайм" порталына айтып берген.

Темир тулпарды "аксатып" албаш үчүн аны дайыма текшерип, тетиктерине көз салып туруу керек. Техникалык жактан оң болгон жана май, суюктуктар акпаган автоунаа бензинди аз сарптайт. Дөңгөлөктөрдүн жели аз болуп калбашына дайыма көз салып жүрүү керек. Себеби алар канчалык талаптагыдай болсо, кыймылдаткычка күч ошончолук аз келет да, майды аз ичкенге көмөкчү болот.

Дагы эске сала турган учур — аба чыпкалагычты (фильтр) өз учурунда алмаштыруу. Көп ирет колдоно тургандарын коюп алсаңыз болот, бирок аны дайыма тазалап туруу керек.

"Үнөмдөйм деп баасы арзан бензин же күйүүчү май сатып алууга азгырылбаңыз. Мындай мунай заттары автоунаанын тетиктерине зыян келтириши мүмкүн, себеби анын курамында ар кандай кошулмалар болушу ыктымал. Май куйган ишенимдүү, жакшы бекет чыгымды азайтарын эске түйүп алыңыз. Эгерде чоочун жакта жүрсөңүз, тартынбай, эринбей эле жергиликтүү айдоочулардан кайсы жерден жакшы бензин тапса болорун сураңыз", — деп кеңеш берген адис.

Автоунаанын салмагы канчалык көп болсо, май ошончолук көп кетет. Эксперт мындан улам багажникке ашыкча буюмдарды зарыл болбосо салып жүрө берүүнүн пайдасы жоктугун эскертти.

229
Белгилер:
кеңеш, эксперт, бензин, автоунаа
Тема боюнча
Бензинди кантип үнөмдөө керектигин эксперт айтып берди
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

46
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
46
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы
Вакцина алып жаткан кыз. Архив

Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу

36
(жаңыланган 23:02 24.06.2021)
Түркиянын саламаттык сактоо министри Turcovac вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу Кыргызстанда өтө тургандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркия коронавируска каршы вакцинасын үч өлкөдө сынайт, анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ата мекендик вакцинанын үчүнчү фазадагы сыноосу башталгандыгын айткан.

"Үчүнчү фазадагы изилдөөгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноолор Венгрия, Азербайжан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Биз тизмеге дагы башка мамлекеттерди кошууга аракет кылып жатабыз", — деген министр.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Түрк тарап сунуштап жатат, бирок биз алардын шарттарын билгибиз келет. Азырынча кат алмашуу гана болууда", — деди министр.

Препарат кооптуу эмеспи деген суроого Бейшеналиев "кооптуулук болушу мүмкүн" деп жооп берди.

Ал ошондой эле ортодо эч кандай макулдашуу жок экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm менен эмделип жатышат.

36
Белгилер:
сыноо, вакцина, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес