Тажикстанды айланып өтөт. Жапаров Баткендеги жолдун курулушу менен таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Курулуп баштаган Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 чакырым. Азыркы учурда 7 чакырымынын жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалган.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу максатында курулуп жатат.
"Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 чакырым. Азыркы учурда 7 чакырым жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Мамлекет башчы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушу маанилүү экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров ички жолдорду куруу зарылдыгын айтып, бул аймактардын экономикалык өсүшүнүн негизги фактору экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0