ИИМдин имараты жергиликтүү ишкерлердин каржылоосу менен оңдоло баштады

© Sputnik / Эркин СадыковОңдолуп жаткан ички иштер министрлигинин имараты
Оңдолуп жаткан ички иштер министрлигинин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Имарат 1974-жылдан бери оңдоп-түзөлгөн эмес. Жергиликтүү ишкерлер ремонт жасоо демилгесин өздөрү көтөргөн.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ички иштер министрлигинин имараты жергиликтүү ишкерлердин каржылоосу менен оңдолуп жатат.
Министрликтин маалыматына караганда, имарат 1974-жылдан бери оңдоп-түзөлө элек.
"Учурда капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкция иштери аткарылып жатат. Бюджеттен бир дагы тыйын сарпталган жок. Жергиликтүү ишкерлер ремонт жасоо демилгесин өздөрү көтөрүп, жумушчу күч тартышты", — дешти ИИМден.
ИИМ режимдик объект болгондуктан курулуш жана реконструкция иштери толугу менен министрликтин Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0