Чек арадагы кагылышта курман болгон үч жоокерге "Эрдик" медалы ыйгарылды

Эрдик медалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Чек ара чырында Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Жаңжалда чек ара айылдарынан жалпы жонунан 40 649 жашоочу эвакуацияланган болчу.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта курман болгон үч чек арачыны "Эрдик" медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
  • Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн  төмөнкү аскер кызматчылары курман болгондон кийин сыйланды:
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.
Жаңылыктар түрмөгү
0