КММАнын Илимий-практикалык борборунда хирург-онколог Бакыт Токтоказиев

Ашказандан кызыл өңгөч жасап... Хирург Токтоказиев уникалдуу операция тууралуу

2050
(жаңыланган 15:56 28.05.2021)
Эки ай мурда Бишкекте Кыргызстан үчүн уникалдуу операция жасалды. КММАнын Илимий-практикалык борборунда хирург-онколог Бакыт Токтоказиев жетектеген дарыгерлер тобу 21 жаштагы келиндин жарабай калган кызыл өңгөчүн көкүрөгүн ачпай туруп алмаштырышты.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Илимий-практикалык борборундагы хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Токтоказиевдин айтымында, Кыргызстанда кызыл өңгөчтү алмаштыруу боюнча ачык операциялар мурда жасалган. Бирок лапароскопиялык ыкма (бейтапка бычак тийгизбестен бир нече жеринен көзөп, ошолор аркылуу операция жасоо) менен жаңы органды жасап, аны жарабай калганынын ордуна жайгаштыруу алгачкы жолу ишке ашып жатат.

Алгач операцияны жасаган дарыгер тууралуу эки ооз сөз айта кетсек, хирург-онколог Бакыт Токтоказиев 30 жашта. Медициналык билимин Россияда тереңдетип, шаардык ооруканалардын биринде иштеген. Мекенине чет жерден алган тажрыйбасын пайдалануу үчүн үч жыл мурда кайтып келген.

Бүгүн дарыгер Sputnik Кыргызстан редакциясына баш багып, операция тууралуу кенен маек куруп берди.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Хирург-онколог Бакыт Токтоказиев

— Бакыт мырза, бул операция эмнеси менен уникалдуу экенин кененирээк түшүндүрө кетсеңиз.

— Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө мындай операциялар жасалып жүрөт. Кыргызстанда биринчи жолу жасалгандыктан жаңылык болуп жатат. Бирок бизде эле дейин десем, коңшу мамлекеттерде деле жасалгандыгы тууралуу маалымат тапкан жокмун. Ачык булактарды, атайын медициналык басылмаларды, баарын карап көрдүм. Буга чейин кыргызстандык профессорлор ачык операция менен кызыл өңгөчтү алмаштырышчу. Көпчүлүгү жарабай калган органдын ордуна бейтаптын өзүнүн жоон ичегисинен кызыл өңгөч жасашат. Биз болсо аны ашказандын бир бөлүгүн кесип алып кураштырдык. Себеби дүйнөлүк практикада бул үчүн көбүндө ашказанды колдонушат. Ал материал катары калың, сапаттуу деп эсептелет. Анткени кызыл өңгөч моюндан тарта өпкөнү аралап өтүп, анан гана ашказанга барып туташат, тамак сиңирүү системасынын эң татаал бөлүгү.

Биз бейтаптын ичин ачпай туруп, эң чоң дегенде бир сантиметрге жакын тешиктер аркылуу жасадык. Баса, бизде айрым ооруканалар жабык түрдө өткө, грыжага байланышту бир аз жеңилирээк операцияларды жасап жүрүшөт. Акыркы кезде урологияда дагы колдонуп жатышат.

— Органды эмне себептен алмаштырууга туура келди?

— Бейтап 21 жаштагы жалал-абаддык келин болду. Жолдошу менен таарыныша кетип уксус ичип ийген экен. Күйүп калган кызыл өңгөч 2-3 айдын ичинде таптакыр эле жабышып, бүтөлүп калыптыр. Тамагынан суу дагы өтпөй калганда ооруканага кайрылып, дарыгерлер азыктандырып туруу үчүн ашказанынан сыртка түтүк чыгарып коюшкан. Бизге кайрылганга чейин алдан тайып, 20 килограммдан ашык салмак таштап коюптур.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев во время операции
© Фото / пресс-служба КГМА
Токтоказиев Бишкектен алган медициналык билимин Москвадагы Н.И.Пирогов атындагы университетте, андан соң А.С.Логинов атындагы клиникалык илимий-практикалык борбордо тереңдеткен

— Процесстин өзү тууралуу айтып берсеңиз?

— Операция 11 жарым саатка созулду. Биринчи этапта курсак туштан тешип кирип, ашказандын бир бөлүгүн кесип алып жасалма кызыл өңгөч курадык. Адамдын ичинде эмне болуп жатканы экранда көрүнүп  турат. Органды кесип алып, тигип бере турган бир гана жолу колдонулчу шаймандар пайдаланылды. Жасалма орган даяр болгондо аны ордуна алып баруу үчүн атайын канал жасап ошол жакка жайгаштырдык. Экинчи этапта жарабай калган кызыл өңгөчтү алып чыгуу үчүн бошотуп, даярдап алдык. Үчүнчү этабында моюндан тешик жасап, жарактан чыккан органды сууруп чыкканда ага чейин даярдап, туташтырып койгон жасалма кызыл өңгөч анын ордуна келип туруп калды.

— Россияда иштеп жүргөндө мындай операция жасадыңыз беле же биринчи жолубу? Өзүңүздө коркуу сезими болдубу?

— Россияда профессорлор менен бирге жасап үйрөнгөм. Бирок жоопкерчилик деген жоопкерчилик. Адамдын өмүрү сенин колуңда болгондон кийин коркуп, толкунданбай койбойсуң.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев в своем кабине
© Фото / пресс-служба КГМА
Хирург-онколог жасаган уникалдуу операция 11 сааттан ашык убакыт созулду

— Азыр бейтаптын абалы кандай?

— Органы алмаштырылгандан кийин ооруканада бир ай жатты. Операциянын өзү ийгиликтүү болуп, эч бир тоскоолдук болгон жок. Бирок организм кыймылсыз болуп, кыйналып калган учурда башка оорулар пайда боло берет. Келин пневмония болуп калып, анысын дарыладык. Үйүнө чыгып кеткенине үч аптадай болуп калды. Акырындык менен калыбына келе жатат. Албетте, тез эле жашоосу 100 пайыз ордуна келип калат деп айтуудан алысмын. Убакыт керек.

— Эми бейтаптын тамактануусу, жашоо сапаты кандай болот?

— Азырынча тамакты азыраак, майда чайнап жеп жатат. Башка жагынан кадимки адамдардай эле жашай берет.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Дарыгер операцияны жабык түрдө жасоо ыкмасын жайылтууну көздөйт

— Мындай операция жасоо үчүн замандап жабдуу керек да...

— Ооба, жаңы жана өтө кымбат техника керек. Жыл сайын алмашып, өзгөрүп турат.

— Операциянын баасы канча турду? Башка өлкөлөргө караганда арзаныраакпы?

— Органды кесип, тиге турган жабдуулардын баарын чет өлкөдөн алабыз. Бардыгы бир гана жолу колдонулат. Ошол үчүн баасы кымбатыраак чыгып калат. Аларды алганга эле 2000 доллардан жогору каражат кетти. Бирок биздин бейтаптын мындай каражатты төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Аспаптарды эл аралык кайрымдуулук уюму алып берди. Биздин оорукана дагы жардам катары жеңилдиктерди берди. 

Билишимче, Россияда чет элдик жарандарга 7 миң доллардан, Түркияда 10 миң доллардан жогору. Бул суммага операция гана жасалат. Текшерилүү, палата, дары-дармек, тамак-аш,  жол кирени эсептегенде эки эсе көп болуп кетет.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев во время операции
© Фото / пресс-служба КГМА
Токтоказиев уксус ичип, кызыл өңгөчү күйүп калган 21 жаштагы келинге экинчи жашоо тартуулады

— Жабык операция менен ачык операциянын кандай айырмасы бар?

— Жыйынтыгы боюнча айырмасы жок. Жабык операциянын негизги артыкчылыгы — бейтапка жеңил болот. Калыбына бат келет, операциядан кийин ичегинин жабышуусу сыяктуу экинчи пландагы оорулар болбойт. Дүйнөлүк медицина азыр ушул багытта бара жатат. Биз алардан калбашыбыз керек деп эсептейм. Билимдүү, чет өлкөлөрдө окуп, тажрыйба алган медиктер көп. Чет элдик адистерден эч нерсебиз кем эмес. Кыргызстандыктар башка элдердей эле заманбап, жеңилдетилген жол менен ден соолугуна кам көрүүгө укуктуу.

Азыр Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана биздин Илимий-практикалык борбордун жетекчилиги ушундай саясат жүргүзүп, жаңы нерселерге аракет кылып жатат.

— Жабык түрдөгү операцияны биздин эл кандай кабыл алууда?

— Элде маалымат өтө эле аз. Сунуштасаң чочулап, ишенбей турушат.

Врач-онколог Научно-практического центра КГМА Бакыт Токтоказиев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Хирург: ден соолуктан өткөн байлык жок, аны баалагыла!

— Ушинтип адамга экинчи өмүр бергенде дарыгерде укмуштуудай сезимдер болсо керек?

— Албетте, адам сакайып, бутуна туруп кетсе кубанасың. Мен дарыгер катары мекендештерге кайрыла кетер элем. Адам баласы жаштыгын жана ден соолугун баалабайт экен. Экинчиден, жашоонун ар кандай сыноолоруна туруштук бере албай өз өмүрүнө кыянаттык кылган адамдарга берер кеңешим: эч качан эмоцияга алдырбагыла. Биздин ооруканага өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамдар түшкөн учурлар болот. Дарыгерлер алардын  жашоосун "чейин" жана "кийин" (өмүрүн кыюуга аракет кылганга — ред.) деп эки бөлүккө бөлүп карашат. Албетте, биз колдон келгенин кылабыз. Бирок организмге бир жолу катуу доо кеткенден кийин жашоо 100 пайыз калыбына келиши кыйын. Бардыгы өзгөрөт. Ал адам өзү эле кыйналат. Ден соолук баа жеткис байлык экенин эстен чыгарбагыла.

2050
Белгилер:
Бакыт Токтоказиев, Кыргызстан, операция, хирург
Тема боюнча
Тери сыйрылып түшөт. Баланын аллергиясын алдын алуу жөнүндө пайдалуу маек
Жекишев: остеопатия оорунун негизги себептерин жоюуга аракет кылат
Урогинеколог: заарасын кармай албай кыйналган аялдар көп, бирок айбыгып айтпайт
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы