Ысык-көлдүк малчы Баатырбек Акматов

Алтынга тете байлык тоодо таштанды болуп жатат. Малчы Акматов менен маек

2477
Ысык-көлдүк Баатырбек Акматов Тоң районунда жүздөгөн уяң жүндүү меринос кой багып, өлкө аймагына жайылтып келет. Ата жолун улаган ишкер эт, жүн багытындагы майда жандыктардан киреше таап, өзүнүн чарбасында агротуризмди жакшы жолго салган.

Койчулардын дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Көп жылдан бери меринос койлорду багып келесиз. Тажрыйбалуу малчы катары айтсаңыз, меринос менен азыр эл көп баккан кара койдун кандай айырмачылыктары бар?

— Биз баккан мериностор эт, жүн багытындагы койлор. Мунун жүнүн, терисин иштетсек бир топ сапаттуу продукцияларды даярдай алабыз. Ал өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө да жакшы таасир этүүдө. Мисалы, ак койдун жүнүнөн боз үйдүн кийиздери, кыргыздын улуттук кийим-кечеси, белек-бечкектер жасалууда. Союз тарагандан кийин Кыргызстанда жүн, тери иштетилбей калып меринос койлор бааланбай калган. Анын айынан саны дагы азайып, көпчүлүгүбүз оңой багылган малга өтүп кеттик. Биздин мериностор март, апрель айында тууйт. Жазгы туутта күн жылып калгандыктан козулар бат тыңыйт. Кара койлордун козуларына салыштырмалуу кичине назик болуп, жоош. Ошондуктан алгачкы жумаларда жакшы карап коюш керек. Себеби жүнү жок жылаңач туулат, суукка байымы жок. Азыр элдин көбү кара кой багат, аны кырктырганың 50 сом, жүнүн эч ким албайт. Мунун айынан жайлоонун баары кара койдун жүнүнө толуп кетти. Ал эми мериностун бир килограмм жүнү орточо 200 сом болуп жатат. Айыл жеринде бир башты 50 сомдон кырктырса, 150 сому дары-дармегине жетип калат. Ошондой эле ак койдун майы аз, кара эти көп болот.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов с овцами породы Меринос
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Баатырбек Акматов 500 меринос койдон жыл сайын 1,5 тоннадай жүн алат

— Чарбаңыздагы 500дөй баш мериностон жылына канча жүн аласыз? Сатуу, кайра иштетүү жагы кантип чечилип жатат?

— Бир койдон 4-5 килограммга чейин жүн алабыз. Эгер жыл жаанчыл болбосо кочкорлордун жүнүнүн узундугу 13-14 сантиметрге чейин жетет. Жылына 1,5 тоннадай жүн кыркылат. Жүндү көбүнчө жергиликтүү кол өнөрчүлөр алат. Өзүмдүн бир тууган эжем кездеме токуп, улуттук кийим-кече тигип Европадагы сынактарга чейин катышып жүрөт. Ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн меринос өстүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргеликте тазалап жуугандан кийин суроо-талап болгон ишканаларга сатабыз. Негизи Кыргызстанда ири көлөмдө сатып алып кайра иштеткен завод-фабрика болгондо аябай жакшы болмок, карапайым эл жумуш менен камсыз болуп кошумча каражат да тапмак. Союз маалында меринос койдун жүнүнөн кышкы дубленка, бут кийимдер жасалчу. Азыр алтынга тете продукциябыз тоодо таштанды болуп жатат, өзүбүз болсо чет элдик жасалма булгары сатып алып жатабыз. Терисин иштетсек койдун баасынан көп киреше таба алабыз.

Овцы породы Меринос животновода из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбека Акматова
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Акыркы жылдары Акматов чет өлкөдөн жаңы породадагы койлорду алып келүүгө аракет кылып жүрөт

— Кыргызстанда меринос койлор союз учурунда миллиондоп багылып келген эмеспи. Анын санын көбөйтүүгө кызыккан малчылар барбы?

— Меринос койду Кыргызстандын бүт облусунда бакса болот. Анткени ак кой союз учурунда эле бир топ изилденген. Ошол учурда бизде 13 миллиондой меринос кой бар эле. Ал көрсөткүчкө жетүү үчүн көп убакыт керек, жүн, эт, терисин кайра иштеткен завод куруу зарыл. Шарт түзүлүп, баасы жакшы болсо, эл бат эле мериноско ыктап кетет. Кыргызстанда жылдан-жылга ага кызыккандар көбөйүүдө. Акыркы эки-үч жылдан бери асыл тукум чарбабыздан республиканын булуң-бурчунан тукумга деп меринос кочкорлорду алып кетип жатышат.

— Ал эми сырттан жаңы породаларды алып келип, Кыргызстандагы мериносторго кошуу аракеттери болуп жатабы?

— Биздин чарба окумуштуулар, илимий изилдөө мекемелери менен иштешип Россиянын Ставрополь шаарындагы асыл тукум заводунан урук алып келип уруктандырып жаңы порода алганбыз. Анын негизинде кан жаңырып, жүндүн, этинин сапаты кыйла жакшырды. Ошону азыр өлкө аймагына таратып жатабыз. Себеби Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери биздин мал жандыктарыбыздын каны алмашпай майдаланып кеткен. Кудайга шүгүр, Кыргызстанга жылкы, бодо малдын жаңы породалары алып келинип жатат, бирок кой-эчкиге узак убакыт бою көңүл бурулбай калган.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов в кошаре
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Баатырбек Акматов Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун уулу

Мен дүйнөлүк малчылардын мүчөсүмүн. Жыл сайын ар кайсы мамлекеттен келген койчулар Болгарияда чогулуп, үч күндүк иш-чарада орчундуу маселелер талкууланып тажрыйба алмашабыз. Ал жактан кесиптештер менен кызматташууну сөз кылабыз, бирок баары эле келип акчага такалат, негизи буга мамлекеттен колдоо керек. Германиядан сапаттуу бир баш кочкорду алып келгенге эле 1500 евро кетет. Анан ал сөзсүз карантинге алынат, атайын текшерүүдөн өтөт, климатка акырындык менен көнүшөт. Чоң койлорго караганда козулар биздин шартка бат эле көнүп кетет. Ошончо чыгынып алып келип жаткандан кийин көп кочкор алып келишиң керек.

— Мындай мамиле менен сандан сапатка өтүүгө, аз мал багып көп киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат экен да?

— Ооба. Мисалы Европада койдун эт, жүн, тери жана сүт багытындагы породалары бар экен. Биздеги мериностор эт, жүн багытында гана. Сырттан келген койлордун сүтүнөн эле мыкты сыр жасалат, эти бар. Жүнүнөн кездеме, терисинен бут кийим, кышкы кийим жасаса болот. Соңунда бир малдан эле төрт түрдүү продукция алганга мүмкүнчүлүк бар. Аны алып келсек, элге бир топ эле пайда болмок. Кыргызстандык малчылар сандан сапатка өтө албай жатабыз. Азыр 100 кой баккандан көрө сапаттуу 50 кой багып андан киреше көрсө болот. Мындай мамиле биздин жайыттарга да жакшы таасир этмек.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов на выставке
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Малчынын айтымында, союз маалында меринос койдун жүнүнөн кышкы дубленка, бут кийимдер жасалчу

— Бул ишти Социалисттик эмгектин баатыры, атаңыз Таштанбек Акматов баштаган эмеспи. Жолун улап кетүү жеңил эле болдубу?

— Биз эми кичинекей кезибизден бери аралашып жүргөндүктөн андай оорчулуктарын деле сезген жокпуз, бирок жоопкерчилик чоң. Себеби атабыз республикалык гана эмес, союздук деңгээлдеги таанымал адам. Азыр атам Сырт өрөөнүндө ак топоз багып жатат.

Союз учуруна салыштырмалуу кичине кыйынчылыктар бар. Ал кезде мамлекет тоют даярдап, жүндү, этти сатып, мал сарайларды оңдоп, чабандардын көчүп-конгонуна чейин уюштуруп берчү. Кийин мунун баарын өзүбүз жасагандыктан меринос кой баккандар азайып кеткен.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов с овцами породы Меринос
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Акматов: Германиядан сапаттуу бир баш кочкорду алып келгенге эле 1500 евро кетет

— Таштанбек Акматовдун жана сиздин жолуңузду улай турчу балдарды тарбиялап жатасыздарбы?

— Буюрса бала-бакырабыз кичинекейин эле биздин чарбалык иштерге аралашып жүрөт. Азыр адам кандай гана кесипке ээ болбосун бирөөнө көз каранды болбой тың жашап кетиши керек деп ойлойм. Эгер андайга шарт, мүмкүнчүлүк болуп, кылган иши келечектүү болуп жатса жаштар ага бат эле ооп, качпайт болуш керек.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов с семьей
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Дүйнөлүк малчылардын ассоциациясынын мүчөсү жакындары менен

— Мал чарбачылыгы менен биргеликте элетте агротуризмди жолго салып алган экенсиз. Чарба иши менен катар эс алуучуларды кабыл ала баштаганыңызга эмне себеп болду?

— Азыр бир тараптуу иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калды. Анткени мал чарбачылыгынын кирешеси жазында кыркканда, күздө этке сатканда түшөт. Ошого байланыштуу агротуризмди да кошо алып баруу үчүн үйдөгү бир-эки боз үйдү тигип, келген эс алуучуларга ат мингизип, аларды күнүмдүк чарбалык иштерибизге аралаштырганбыз. Анткени кыргыздын күндө жасаган иштеринин баары эле даяр туристтик продукция болуп эсептелет. "Эмне үчүн биз күндө жасаган ишибизден пайда таппашыбыз керек" деген суроолор жаралды. Эгер адам туристтик ишмердүүлүктү туура, эрежеси менен жүргүзсө кошумча пайда тапса болот экен. "Жайчы" деген боз үй лагерин ачканыбызга 15 жылдан ашты. Сезон учурунда онго жакын адам жумуш менен камсыз болот. Эс алганы дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келишет. Аларга өзүбүздүн азык-түлүктөн тамак жасап берип кооз жаратылышты көрсөтөбүз. Биздин жашоо образыбыз, тиричилигибиз чет элдиктерди аябай кызыктырат, аралашып көрүшөт. Өткөн жылдан бери пандемияга байланыштуу кичине ишибиз токтоп калды.

2477
Белгилер:
маек, малчы, кой, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыздар качан мал багып баштаганы аныкталды! Археологдун кызыктуу маеги
Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

8
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

8
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет
Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин төрт көчөнүн ачылышы

Бишкектин төрт көчөсү 1-июлда автоунаалар үчүн ачылат. Тизме