* ЭЛЕКТР * ЖАРЫГЫ * ОҢДОО * ӨЧҮРҮҮ * БИШКЕК *
Лампочка жана электр зымдары. Архив

29-майда Бишкектин бир катар райондорунда жарык өчөт. Тизме

45
(жаңыланган 17:21 28.05.2021)
Жумушчу бригадалар жабдыктарды оңдоп, трансформатордук көмөк чордондордун ишин жөнгө салышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ишемби күнү, 29-майда, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Өчүрүүлөр боло турган даректер:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи районундагы № 9 көп кабаттуу үйдө, Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
  • 9:40тан 16:00гө чейин — Боталиев, Сеченов, Тыныстанов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүндөгү № 53 үйдө, Беларусь көчөсүнүн айрым бөлүгүндө жана Чатыр-Көл кууш көчөсүндө;
  • 12:00дөн 17:00гө чейин — Юнусалиев, Ахунбаев жана Койбагаров көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Щербаков көчөсүнүн айрым бөлүгүндө, Изюм жана Булак кууш көчөлөрүндө;
45
Белгилер:
оңдоо, өчүрүү, жарык берүү, электр энергиясы, Бишкек
Тема боюнча
Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүп, 10 млрд. куб метрди түздү
Электр кубаты үчүн карызы бар бишкектиктердин жарыгы 31-майдан тарта өчүрүлөт
Медициналык кызматкер COVID-19дан вакцина сайыш үчүн шприцти тандап жатат

Кыргызстан Япониядан 1,1 млн. доза вакцина жана аны сактаган муздаткыч сурады

21
(жаңыланган 15:38 25.06.2021)
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары япон тараптын колдоосу кыргызстандыктардын тезирээк эмделишине кадыресе салымын кошорун белгиледи.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети Япония өкмөтүнөн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүүнү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүнү өтүндү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова и Посол Японии в КР Сигэки Маэда обсудили вопросы развития двустороннего сотрудничества. 25 июня 2021 года
    Кыргызстандын министрлер кабинети Япония өкмөтүнөн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүүнү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүнү өтүндү
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Заместитель председателя кабинета министров и Посол Японии в КР Сигэки Маэда обсудили вопросы развития двустороннего сотрудничества. 25 июня 2021 года
    Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын КРдеги элчиси Сигэки Маэда менен жолукканда жогорудагы маселе көтөрүлгөн
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова и Посол Японии в КР обсудили вопросы развития двустороннего сотрудничества. 25 июня 2021 года
    Бакашова учурда Кыргызстандын элин коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү тездетүү маанилүү милдеттердин бири болуп тургандыгын айткан. Ал эмделген жарандардын саны өтө аз болуп жаткандыгын кошумчалаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кыргызстандын министрлер кабинети Япония өкмөтүнөн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүүнү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүнү өтүндү

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова Япониянын КРдеги элчиси Сигэки Маэда менен жолукканда жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Бакашова учурда Кыргызстандын элин коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү тездетүү маанилүү милдеттердин бири болуп тургандыгын айткан. Ал эмделген жарандардын саны өтө аз болуп жаткандыгын кошумчалаган.

"Ушундан улам Япония өкмөтүнүн 1 миллион 100 миң вакцина бөлүү жана аны сактаганга муздаткыч берүү маселесин карап көрүүгө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Мындай кыйын кырдаалда япон элинин Кыргызстан калкынын тездик менен эмделишин камсыздоодо, пандемиянын мындан аркы кесепеттеринин алдын алууда өзүнүн салымын кошот деп ишенем", — деген ал.

Күн чыгыш өлкөсүнүн элчиси калкты эмдөө жана вирустун таралуусунун алдын алган коопсуздук чаралардын сакталышы өтө маанилүү экендигин баса белгилеген.

21
Белгилер:
жардам, вакцина, Япония, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу
Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот
Жаңы үлгүдөгү Алтын тамга аттестаттары

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

33
(жаңыланган 15:14 25.06.2021)
Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • И.о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов на торжественной церемонии вручения аттестатов особого образца Алтын тамга выпускникам 11-х классов столичных школ. 25 июня 2021 года
    Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
  • И.о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов на торжественной церемонии вручения аттестатов особого образца Алтын тамга выпускникам 11-х классов столичных школ. 25 июня 2021 года
    Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
  • И.о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов на торжественной церемонии вручения аттестатов особого образца Алтын тамга выпускникам 11-х классов столичных школ. 25 июня 2021 года
    Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
  • И.о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов на торжественной церемонии вручения аттестатов особого образца Алтын тамга выпускникам 11-х классов столичных школ. 25 июня 2021 года
    Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн
    © пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек Шамбетов
Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

33
Белгилер:
"Алтын тамга" аттестаты, тапшыруу, аттестат, бүтүрүүчү, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме