Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов. Архив

Прокуратура: Суракматов Бишкектеги эң кымбат жерлерди менчиктеп кайра саткан

172
(жаңыланган 17:35 28.05.2021)
Башкы көзөмөл органы берген маалыматка караганда, Суракматов тууганы менен биргеликте Бишкектеги жерлерге ээ болуп, кийин анын үстүнө эселеп акча кошуп саткан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ж. Кудайбергенов (атасы тараптан тууган) менен биргеликте коррупциялык схеманы колдонуп мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Суракматов тууганы менен биргеликте борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн эң кымбат аймагынан 15 гектар жерди жеке менчигине өткөрүп алган.

"Мындан тышкары, Бишкектин ар кайсы бөлүгүнөн жер участокторун узак мөөнөткө ижарага алып, туугандарына, аффилирленген тараптарга каттаткан. Жердин көп бөлүгү курулуш компанияларга кымбат сатылган. Калганына кафе, ресто-бар, көп батирлүү турак жайлар курулган. Натыйжада Суракматов менен Кудайбергеновдун туугандары байлыгын бир нече эсеге көбөйтүп, миллиондорду чапчыган объектилерге ээ болушкан", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын Суракматов менен Кудайбергенов боюнча топтогон материалдары Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Мыйзамсыз баюу" беренелери менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

172
Белгилер:
Азиз Суракматов, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Коррупциялык схема түзгөн. УКМК Суракматовдун кармалган себебин айтты
Мурдагы мэр Азиз Суракматов кармалып, камакка алынды
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

49
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

89
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

89
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео