* СУЛУУЛУК * ДАРТ * ГИГИЕНА *
Визажист кызга макияж жасоо учурунда. Архив

Сулуулук салонуна барганда сак болгула! Азапка салган демодекоз илдети тууралуу

101
Демодекоз — бул Demodex тобуна кирген кенелер козгоочу илдет. Көбүнчө чач, каш, кирпик жана май бездеринде болот. Беттин териси менен сурмаларды жабыркатат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Дерматолог Татьяна Егорова "Известия" басылмасына маек куруп жатып сулуулук салонунан жугуп калчу эң кооптуу илдет жөнүндө айтып берди.

Маалыматка караганда, салондо макияж жасатуу учурунда демодекоз дарты жугуп калышы мүмкүн.

"Сулуулук индустриясындагы көпчүлүк кызматкерлер кардарларга спонж сыяктуу майда-чүйдө буюмдардын, шаймандардын эскисин эле колдоно берет. Демек, мурдагы кардардын оорусу башка кардарга өтүп кетиши толук мүмкүн. Көпчүлүк учурда салондон демодекоз дарты жугат. Ал өтө узак жана кымбат дарыланууну талап кылган жагымсыз оору", — деди адис.

Демодекоз — бул Demodex тобуна кирген кенелер козгоочу илдет. Көбүнчө чач, каш, кирпик жана май бездеринде болот. Беттин териси менен сурмаларды жабыркатат. Териге кызыл бүдүрлөр чыгып, кычыштырат. Жаңы пайда болгон учурда бир айдын ичинде дарылап кетирип салса болот. Өтүшүп кетсе, 6 айдан бир жылга чейин дарыланууга туура келет.

101
Белгилер:
демодекоз, гигиена, сулуулук салону, илдет, бет, тери
Тема боюнча
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги
Медициналык кызматкер ПЦР-тест учурунда. Архив

Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу арзандады

16
(жаңыланган 16:49 25.06.2021)
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ПЦР-тесттин баасын 788 сом деп бекитүү тууралуу бүгүн, 25-июнда, буйрук чыгарган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Агенттик оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифин макулдашканы айтылат.

Натыйжада Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ПЦР-тесттин баасын 788 сом деп бекитүү тууралуу бүгүн, 25-июнда, буйрук чыгарган.

Азыркы тариф 1574 сом болуп турган, ал 786 сомго арзандаганы белгиленет.

16
Белгилер:
ПЦР-тест, арзандатуу, тариф, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү
"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады
Спутник V вакцинасы. Архив

"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди

14
(жаңыланган 16:48 25.06.2021)
Буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып, калгандар Sinopharm вакцинасын алып жаткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда "Спутник V" вакцинасын мындан ары 60 жаштан өткөн же өнөкөт оорусу барлардан тышкары айрым ведомстволордун өкүлдөрү жаш курагына карабай алса болот. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Маалыматка караганда, вакцинаны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ИИМдин, УКМКнын, Коргоо министрлигинин жана Бажы кызматынын өкүлдөрү ала алат.

"Негизи эл менен тыгыз байланышта иштеген кесип ээлерин мурда эле биринчилерден кылып эмдөө пландалган. Биз ошол сценарий боюнча бара жатабыз. Эгер Sinopharm вакцинасы келсе, аны менен деле эмдей беребиз", — деди Кыргызбаев.

Эске салсак, буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып жаткан. Ал эми башкаларга Sinopharm вакцинасы колдонулууда.

Март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыктарын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган.

14
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Спутник V, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу
Бишкекте дагы эки эмдөө пункту ачылды, 60тан өткөндөр "Спутник V" алса болот