Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

31-майда Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке түз авиакаттам ачылат

87
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 31-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

"2021-жылдын 31-майынан баштап "Түркстан — Бишкек — Түркстан" багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат. Эми Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары, Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Түркстандан Бишкекке чейинки учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.

87
Белгилер:
Түркстан, Казакстан, авиакаттам, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Ош менен Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө туруктуу түз авиакаттам ачылат
Дүйшөмбүдө Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат
Мектеп бүтүрүүчүнүн аттестаты. Архив

Эртең мектептерде аттестат бериле баштайт. Бүтүрүү кечеси болобу?

24
(жаңыланган 22:50 23.06.2021)
Райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары коштошуу аземи мектептин аймагында жана ата-энелердин биринин гана катышуусу менен өткөрүлүшүн көзөмөлдөө зарыл.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта мектептерде бүтүрүүчүлөргө орто билими боюнча аттестат бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары коштошуу аземи мектептин аймагында жана ата-энелердин биринин гана катышуусу менен өткөрүлүшүн көзөмөлгө алышы шарт.

Мектеп жетекчилиги аттестат тапшыруу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу. Коштошуу кечесин ресторан жана кафелерде өткөрүү үчүн акча чогултууга жол берилбеши керек.

24
Белгилер:
аттестат, бүтүрүүчү, мектеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Усеналиев: "Алтын тамга" 11 жылдан бери өтүп келет
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди

83
(жаңыланган 21:41 23.06.2021)
Жылдыз Бакашова Республикалык штабдын кезектеги жыйынында күчөп бара жаткан абалды эске алуу менен жаңы тапшырмаларды койду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пунктуларын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.

“Эч ким былтыркы жылдагыдай экономикалык ишмердүүлүктү чектөө же жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек”, – деди Бакашова.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;
  • ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;
  • облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;
  • министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);
  • шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;
  • 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
    вакцинациялоо темпин күчөтсүн.
83
Белгилер:
тапшырма, коронавирус, Жылдыз Бакашова, өкмөт
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт