"Акнет" абоненттерине интернеттин үзгүлтүккө учураган себебин түшүндүрдү

© SputnikДеятельность компании "Акнет"
Деятельность компании Акнет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Компания интернеттин ылдамдыгы төмөндөшү же жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн экенин эскертет. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "Акнет" интернет-провайдеринин кардарларында интернет үзгүлтүккө учурап, жеткиликтүү болбой жатат. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болуп жатканын компания өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Колдонуучулар бир нече саат интернет үзгүлтүккө учурап, же такыр өчүп калып жатканына нааразычылык билдиришүүдө.
"Азыркы тапта мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
"Акнет" тышкы ресурстардын ылдамдыгынын кескин төмөндөөсү же интернет жана ТВ кызмат көрсөтүүлөрдө жеткиликтүү болбой калары мүмкүн экенин эскертүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0