Сууну убара тартпастан кантип үнөмдөө керек? 10 лайфхак

© AFP 2023 / FRANCK FIFE Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив
Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Кадимки турмушта адам тонналаган суу коротуп, бирок элес албайт. Адис каражатты гана эмес, сууну да сарамжалдоого көмөкчү болчу жөнөкөй эле кеңештерди берди.
Жакында эле акысын төлөбөгөнү үчүн суунун өчүрүлгөнүнө нааразы болгон 200 чакты жаран митинг уюштуруп, жолду бөгөөгө аракет кылды. Андан мурда эле борбор калаанын мэриясы "Бишкек суу канал" ишканасы 17,9 миллион сомдук карызы үчүн Көк-Жар, Лебединовка, Новопавловка айыл өкмөттөрүндөгү айыл жана конуштарга таза суу берүү көлөмү чектелгенин маалымдаган.
Ушул жагдайга байланыштуу Sputnik Кыргызстан инженер Айдар Канатбеков менен байланышып, баарлашты. Адис тиричилик шарттарында сууну коромжу кылбоонун жөнөкөй эле жолдорун санап берди. Эске салсак, Бишкекте калк үчүн суунун куб метри 8,1 сомду түзөт. Эсептегичтерди борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын - 3, ал эми жеке сектордун тургундарынын 1 пайызы гана пайдаланарын да белгилеп койгон оң.
© Фото / Асель АйтбаеваИнженер Айдар Канатбеков
Инженер Айдар Канатбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Инженер Айдар Канатбеков
Жайында сууну пайдалануу көлөмү өсөт, бирок сарамжалдоонун ыкмалары да жок эмес. Шарттуу түрдө бул ыкмаларды эки: элементардык жана долбоордук категорияга бөлүүгө болот. Биринчилерине эч кандай жабдыктарды сатып алуунун кажети жок, тек гана күнүмдүк адаттарыңызды өзгөртүп коюу зарыл.
Экинчи категория үчүн сантехникалык түзүлүш жана тиричилик техникасы же турак жайды бир аз кайра жабдууга туура келет. Кандай болгон күндө да мындай өзгөртүүлөрдөн соң үй-бүлөлүк бюджет гана тургай, чексиз эмес экени жалпыга маалым суу ресурстары да бир топ үнөмдөлөт.

Суу чабыштыргыч

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүп, 10 млрд. куб метрди түздү

Суу чабыштыргычтардын акыркы үлгүлөрүнүн баары аэраторлор менен жабдылган. Бирок сиздики эски үлгүдөгүсү болсо, аны өзүнчө орнотууга болот. Аэратор суунун агымын абага толтуруп күчөткөндөй болот, анткен менен ал бир топ азайып, суу үнөмдөлөт. Мындай жөнөкөй түзүлүштү орнотуп коюу сизге суунун 40 пайызын сарамжалдоого көмөкчү болот. Сууну таза, жумшак, чачыратпастан гана агызбастан, кум же даттын чоң бөлүкчөлөрүн чыпкалайт, андыктан мезгил-мезгили менен аэраторлорду тазалап турууну эстен чыгарбаңыз. Ошондой эле сизге туура келген температурадагы сууну агызууга убара тарттырбаган бир рычагдуу смесителдер да сууну дурус үнөмдөйт.

Таза идиш

Крандан аккан сууда идиш жууганга орточо бүлөлүү бир түтүн 110 литрдей коротот. Коромжу кылбоо үчүн эки бөлүктүү мойканы орнотууга болот. Биринде сууну агызып, экинчисин тыгын менен жаап коюп гана жашылча-жемиш же идиш-аякты жууңуз. Ал эми кадимки раковинада суу ага турган көзөнөгүн жаап, суу толтуруп алууга болот. Идиш жуучу каражат кошуп, кир идиш-аякты жууп алган соң гана жакшылап чайкаңыз. Бул ыкма сууну үнөмдөөгө жардам берет, эгер үйүңүздө атайын тыгын болбосо, табакка суу толтуруңуз. Ушундай эле ыкма менен плита, ашкананын каалга-терезесин да тазалоого болот.
Түбүнө тарткан же тамактын калдыгы катып калган идиштерди ысык сууну агызып коюп жууганга тырышпаңыз. Андан көрө бир аз суу куюп, идиш жуучу каражат кошуп, эзилгиче кое туруу сарамжалдай турган ыкма. Бир сааттан соң жуусаңыз сизге алда канча жеңил болот.

Тоңдурулган азыкты эритүү

Төрткүл суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек

Азыктарды ысык сууну агызып коюп эритпеңиз. Анүчүн кичи толкундуу мешти пайдаланып, эң жакшысы – баарын муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнөн эртерээк чыгарып коюу керек. Мындайда сиз сууну гана үнөмдөбөстөн, эт же балыктагы пайдалуу заттарды сактап кала аласыз.

Чайнек

Чай кайнатуу же тамак жасоо үчүн чайнек же мискейге зарыл өлчөмдө гана суу толтуруңуз. Ашыкча куюу менен сууну гана эмес, аны кайнатууга газ же электр кубатын ашыкча сарптайсыз.

Тиш жуу

Эгер колуңузду гана чайкай турган болсоңуз, кранды толук ачпай, ысык суунун ордуна муздагын агызыңыз. Ошондой эле тишиңизди жууп жатканда сууну өчүрүп коюу менен сууну бир топ үнөмдөй турганыңызды да унутпаңыз. Сууну агызып коюп тиш жууганда 7-10 литр суу коройт. Бул маанилүү процедура үчүн бир стакан суу толтуруп алуу жетишерлик. Балдарды да ушинтип тиш жууганга көндүрүңүз.

Жалкоолор үчүн кеңеш

Адаттардан арылуу кыйын деп эсептегендер смесителге сенсордук сап (насадка) орнотууга болот. Суу сиз кранга колуңузду жакындатканда гана агат. Саптардын баасы анчалык деле кымбат эмес, ал эми үнөмдөө 20 пайызга чейин жетет.

Кир жуу

Электр зымдарын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Үнөмдөгүлө! Бийлик кышында электр энергия тартыш болорун элге эскертти

Кир жуугуч машинаны ичи толгондо гана иштетиңиз. Ушул эреже идиш жуугуч машинага да тиешелүү. Баса, кол менен жууганга (100 литрге чукул) караганда бул жабдык сууну 10-15 литрге аз сарптайт.

Дээрлик ар бир заманбап машинада ЭКО же ыкчам режим бар. Бул электр кубатын жана сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Машинага салардан оболу кирди так кетиргич кошуп же бир сыйра самындап жууп алган оң, зарылдыгы болбосо эки жолу чайкабаңыз.

Душ же ванна?

50-100 литр сууну үнөмдөө үчүн ваннага түшкөндөн көрө душка чайыныңыз. Он мүнөттүк душ сизди толук сергите алат, буга 70-100 литрге жакын гана суу кетет. Мисал келтирсек, кадимки чоюн ваннаны толтурууга 200 литрге жакын суу зарыл. Ошондой эле самынданып, маска, шампунь, кондиционер сүйкөп жатканыңызда суунун өчүк турганы дурус. Эгер стандарттык суу куйгуч (лейка) болсо, "тропикалык душ" тибиндегисин орноткон жакшы. Анткени анын тегерекчелери көбүрөөк, көзөнөкчөлөрү чоңураак жасалат. Эгер кадимки душта мүнөтүнө 15 литрге чукул суу жумшалса, үнөмдүү душтарда мүнөтүнө 5-6 литр суу кетет. Бөркүңүздөй көрүңүз, "тропикалык нөшөрдө" чайынуу кыйла жагымдуу.

Даараткана

Бишкек ЖЭБинин кызматкери капиталдык ремонт учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Бишкекте ысык суу өчүрүлгөндөн кийин ЖЭБдеги көрүнүштөн 10 ирмем

Үйдө суу эң көп жумшалган нерселердин бири – унитаз. Толук агызылганда 10-12 литрдей суу коройт. Ошондуктан унитазга таштанды төгүп, кайра-кайра суу агыза берген болбойт.

Азыр чыгарылып жаткан унитаздарда агызуучу эки кнопка бар, бири кадимки, экинчиси сууну азыраак агызат. Эгер үйүңүздө эски үлгүдөгү фаянс орнотулган болсо, анда калкыгычын бир нече бөлүккө ылдый түшүрүү менен суунун агымын азайта аласыз. Техникалык жактан муну жасоого мүмкүн болбосо, анда бир нерсе толтурулуп, бекем бекитилген бөтөлкө же банканы унитаздын челегине салып коюңуз. Бул да суунун толук толушуна жол бербей, азыраак суу агат.

Тамчылаган жылчыктарды бүтөңүз

Сантехникалык мүчүлүштүктөрдү тезинен оңдоо абзел. Көп кабаттуу үйдө жашасаңыз мындай кырдаалда коңшулардын шыптарын суу каптайт. Буга гана жол бербестен, сиз сууну да коромжу кылбайсыз. Тамчылаган жерлер же бекем жабылбаган крандан секундасына эки тамчы суу агат. Бул абдан аз туюлар сизге, бирок саатына бир литр, ал эми айына 720 литр сууну курулай эле коротосуз. Мындай өлчөмдөгү суу бир тургундун кадыресе тиричилигинде беш күнгө жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0