Орозбек Кутманалиевдин уул-кызы Акматбек Орозбеков жана Динара Кутманалиева

Атам тамак жасап, кирибизди жуучу. Орозбек Кутманалиевдин уул-кызы менен маек

677
(жаңыланган 17:14 30.05.2021)
Белгилүү актер Орозбек Кутманалиев тасмаларда аткарган ролдорунда орой, зөөкүр болсо, жеке жашоосунда 11 баланы тарбиялаган камкор ата эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги көп кырдуу залкарды эскерип, уулу Акматбек Орозбеков менен кызы Динара Кутманалиеваны кепке тартты.

Динара Кутманалиева, дочь Народного артиста КР Орозбека Кутманалиева на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Белгилүү актер Орозбек Кутманалиев тасмаларда аткарган ролдорунда орой, зөөкүр болсо, жеке жашоосунда 11 баланы тарбиялаган камкор ата эле.

— Атаңыздын бала кезинде эле комуз чертип ырдап жүргөнүн билебиз. 13 жашында филармонияга кандайча болуп жумушка алынган экен?

Динара Кутманалиева: — Ошол жылдары филармониянын артисттери биздин айылга концерт коюп келип калыптыр. Актер Акылбек Абдыкалыковдун айыл башчысы болуп иштеген атасы "биздин өзүбүздүн Орозбек деген артистибиз бар, ошонун өнөрүн бир байкап көрсөңөр" деп сунуштайт. Алар жаш таланттын өнөрүн көрүп атамды Фрунзеге ала кетишет. 13 жаштагы бала үйдү сагынып куса болуп кыйналганда кайра айылга жиберишкен экен. Согуш бүткөндөн кийин 8-классынан окуусун кайра улантып, мектепти аяктаган. Айылдан борбор калаага келип филармонияга барса, аны кайра жумушка албай коюшуптур. Ошондо куурчак театрына чакыртылган. Ал жактан кесиптештери менен аймактарга бир-эки айга гостролдоп кетип калышчу экен. Атам ал чыгармачыл топтун уюштуруучусу, бригадири, кассири болуп, жергиликтүү бийлик менен келишим түзүп тамак-ашын, жатаканасын өзү тейлеген. Азыркы тил менен айтканда менеджерлик милдетти аткарыптыр.

Акматбек Орозбеков, сын Народного артиста КР Орозбека Кутманалиева на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Орозбеков: атам көп кырдуу, жөндөмү күчтүү адам болчу, кандай гана жумушту баштабасын майын чыгара жасачу

— Анан кайра филармонияга жумушка алынып төкмөлүк өнөрдү да аркалап калган эмеспи. Ал кишиге төкмөлүк жакын беле же актерлукпу?

Акматбек Орозбеков: — Атам көп кырдуу, жөндөмү күчтүү адам болчу, кандай гана жумушту баштабасын майын чыгара жасачу. Андай киши кайда барбасын бат эле кадыр-барк топтойт тура. Филармонияда комузду колуна алса комузчу, төкмөлүгү чыга калчу. Сахнага төкмө акын катары Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев менен бирге чыгып, кыргыз-казак айтыштарына чейин катышып байгелүү орундарды алган. Бирок кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу филармониядан кеткенге мажбур болду. Радиодо текстти өтөсүнө чыгара окуп, фильмдерде үн коштосо андагы болгон эмоция, интонацияны жеткире билчү. Үн коштой турган артисттерди кечки алтыда чогултуп, түнкү саат эки-үчкө чейин иштечү. Анткени артисттердин көбү кечинде бошогондуктан фильмдерге үн коштоо процесси түнү менен жүрчү. Биз дагы ээрчип барып кичинекей балдардын ролдорун окуп, киного да тартылып калдык. Эртең менен кайра алтыда туруп алып радиого жөнөчү. Азыр ойлосом качан уктап эс алганын билбейм.

Актер, Народный артист КР Орозбек Кутманалиев с семьей и близкими
© Фото / из семейного архива Кутманалиевых
Орозбеков: радиодо текстти өтөсүнө чыгара окуп, фильмдерде үн коштосо андагы болгон эмоция, интонацияны жеткире билчү

— 60-жылдардын соңунда апаңыздар оорудан улам кайтыш болуп Орозбек ата беш бала менен жалгыз калып жатат. Акматбек ага, балдардын улуусу болгондон кийин ал учурду жакшы билсеңиз керек...

А.О.: — Атам 20 жашында эле үйлөнүп, 1969-жылы апам өтүп кетти. Ал жылы мен 14, кичүүбүз төрт жашта болчу. Биз уктап жатканда атам эртең менен эрте радиого текст, жаңылык окуганы кетет. Биз туруп саат 10-11лерде мектепке баралы деген маалда атам келип тамак-ашын берип окууга узатып, кайра жумушка кетчү. Мектептен саат түшкү экиге жакын келгенде кайра үйгө келип биз менен кошо тамактанып алып кайра ишине жөнөчү. Эки жылга чукул өзү тамак жасап, кирибизди жууду. Өзүбүз дагы атабызга кол кабыш кылып колубуздан келгенин жасап, ини, карышдаштарыбызды карап өстүк.

16 жашка чыгып паспорт алганда атам "эми сен адам болдуң. Эми бир дагы киши Орозбектин баласы мындай болуп жүрөт" деп айтпасын дегени эсимде.

Д.К.: — Беш баланы карап мурдагыдай гастролорго чыга албай калгандыктан филармониядан кеткен. Ошондон улам төкмө акын катары эл алдына чыкпай калды. Бирок той-мааракелерде дастан айтып, төгүп ырдап, ал өнөрдү таштап койгон жок. Ошол кезде Турсун Уралиев атамды радиого чакырып, диктор, режиссер болуп эмгектенген. Киного тартылып жүргөндө деле эс алып отурган учурда массовканы таратып жибербей колуна комузун алып ырдап, режиссерлорго жардам берип койчу экен.

Актер, Народный артист КР Орозбек Кутманалиев с семьей и близкими
© Фото / из семейного архива Кутманалиевых
Орозбеков: атам 20 жашында эле үйлөнүп, 1969-жылы апам өтүп кетти. Ал жылы мен 14, кичүүбүз төрт жашта болчу

— 70-жылдардын башында Фатима апага үйлөнүп жатат. Ал кездеги көпчүлүк интеллигенция өкүлдөрү айылдан келген тууган-туушкандарын коноктоп, алардын балдарын окутуп-чокутчу эле. Сиздердин үй-бүлөдө деле ошондой болсо керек?

Д.К.: — Бир туугандарынын арасында шаарда жашаган атам эле болчу. Үйүбүзгө бүт туугандар, айылдаштар келчү. Мисалы, Тууганбай Абдиев жаңы үйлөнгөндө биздин үйдө жашаган. Бирибиз столдун үстүнө, дагы бирибиз анын түбүнө жатып калчубуз. Айылдан жумуштап же окуганы Фрунзеге чыккандардын бардыгы бизге келчү. Андан сырткары, үйүбүз филармонияга жакын болгондуктан филармониянын, драмтеатрдын артисттери дагы көп каттачу.

А.О.: — Апам тирүү кезинде бир конок кетсе, экинчиси келип калчу. Дасторкон такыр жыйылчу эмес. Апам таңкы саат беште, алтыда турчубу, билбейм, мен эртең менен турганда боркулдап тамагы бышып, меймандар тамактанып отуруп калышчу. Атам азыркы апабыз менен 70-жылдардын башында турмуш курду.

Режиссер, сказитель, дастанчи Орозбек Кутманалиев
© Фото / Александр Федоров
Орозбеков: атам эки жылга чукул өзү тамак жасап, кирибизди жууду. Өзүбүз дагы атабызга кол кабыш кылып колубуздан келгенин жасап, ини, карышдаштарыбызды карап өстүк

— Ал эми киного кантип аралашып калган?

Д.К: — Бир күнү "Советтик Кыргызстан" деген тележурналга текст окуганы "Кыргызфильмге" барса, эшиктин алдында эки адам мушташып жаткан экен, атам баягы топтошкон элдин ортосуна кире калып аларды ажыратып баштайт. Көрсө, алар режиссёр Юрий Борецскийдин "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасынын кастингине катышып жатыптыр. Режиссер шак эле атамдын өңү-түсүн карап киного ылайыктуу экенин байкап тасмага катышууга чакырган. Ошентип кинодо роль жаратып Болот Шамшиевдин "Ак кеме", "Бөрү зындан", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Эрте келген турналар" тасмаларына тартылган. Башка режиссерлор менен да иштешти. Негизи Болот агай атама жол көргөзүп, аны киного өзү даярдаган.

— Көпчүлүк көрүүчүлөр Орозбек Кутманалиевди ролдору аркылуу зөөкүр, мерез адам катары таанып калган эмес беле, ал киши үйдө кандай ата эле?

А.О.: — Эң катуу ачуусу келгенде "атаңдын оозун урайын" деп койчу. Андан башка сөз айтчу эмес, балдарды такыр урган жок.

Д.К.: — Үйдө тамакты жапа тырмак жасай калчубуз. Манты жасай турган болсок атам ашкабак аарчып, бирөөбүз пияз туурап, дагы бирибиз камыр жайып, бир маалда баарыбыз отуруп алып түйчүбүз. Ал күндөрү төрт каскан жетчү эмес, онго жакын касканга манты бышырчубуз. Тамак даяр болгондо баарыбызды отургузуп, батасын берип анан тамак ичет элек. Баарыбызды жакшы көрчү, дасторкон үстүндө бакылдашып сүйлөшүп, ар нерсени айтып күлүп отурчубуз. Көп кабаттуу үйдө жашаганда кошуналарыбыз арызданышчу экен, ошондо атам "эми аларды байлап коеюнбу, балдар ойнойт, ары-бери чуркайт" деп койчу экен.

Анан эс тутуму аябай күчтүү болчу. 20 жыл мурун иштеп кеткен башкарма, район же облуста жогорку кызматта иштеген жетекчилердин аты-жөнүн, мурун конок болуп кеткен үйдүн ээсин, бөлмөдөгү сүрөт, турган оокаттарга чейин эстеп калчу. Анын баарын узак убакыттан кийин кыйынчылыксыз эле айтчу.

Актер, Народный артист КР Орозбек Кутманалиев с семьей и близкими
© Фото / из семейного архива Кутманалиевых
Орозбеков: 16 жашка чыгып паспорт алганда атам "эми сен адам болдуң. Эми бир дагы киши Орозбектин баласы мындай болуп жүрөт" деп айтпасын дегени эсимде

— Бир нече жерде иштеп, ошол эле маалда командировка, гастролдорго көп чыккандыктан сиздер атаңызды сагынып аябай күтчү болсоңуздар керек?

А.О.: — Узак убакытка тасмага тартылганы командировкага көп эле кетчү, келгенде эки-үч күн паркка барып, аттракциондордо ойноп, балмуздак жеп, болушунча жыргайбыз. Анан апам экөө той-ашка бир жумадай кетет. Убакыт өтүп кайра жаңы тасманын репетициясы башталып атамды көрбөй калчубуз. Иним, карындаштарым атамды телевизордон көрүп калсак "бүгүн атамды көрдүм" деп бири-бирибизге сүйүнчүлөчүбүз.

Д.К.: — Өмүр бою күнү-түнү иштеди. Себеби 11 баланы багыш оңой эмес да. Бизди башкалардан кем кылбай кийиндирип, курсагыбызды тойгузуп окутту. Кудайга шүгүр, атабыз бизди өзүнүн эмгеги, үлгү болгон жүрүм-туруму менен чоңойтту. Мамлекет 1982-жылы үй-бүлөбүзгө шаардан беш бөлмөлүү батир берген. Атам дайыма "балдарым менин бакытым, кыргыздын интеллигенциясынын ичинде 11 бала эч кимде жок. Мен ушул жагынан сыймыктанам" деп айтып калчу. Пенсия курагында неберелерин багып, аларды ээрчитип майрам, мааракелерде жүрчү. Уул-кыздарынын арасында эч кимибиз чыгармачылык менен кеткен жокпуз. Бирок баарыбыз ыр-күүгө жакынбыз, неберелеринин ичинен ырчы Абир Касенов чыгармачылыкка аралашып жүрөт.

Режиссер Болот Шамшиев и актер Орозбек Кутманалиев на съемках фильма Белый параход
© Фото / Александр Федоров
Кутманалиева: беш баланы карап мурдагыдай гастролдорго чыга албай калгандыктан филармониядан кеткен. Ошондон улам төкмө акын катары эл алдына чыкпай калды

— Уулу, кызы катары таланттуу актердун эл билбеген кандай өнөрлөрүн айтып бере аласыздар?

Д.К.: — Сүрөт тартып, волейболду жакшы ойночу, сууда мыкты сүзчү. Күйөрман катары эл аралык бокс мелдештерин калтырчу эмес. Кыргыз күрөшүн, ат оюндарын жакшы түшүнчү. Кезинде Көк бөрү федерациясынын түптөлүшүнө Болот Шамшиев болуп салып кошуп калган.

А.О.: — Бала кезде анын жогорку окуу жайда окуганын билген эмесмин, кийин мектепте педагогикалык практикасын өтүп жүргөндө бир жолу китеп жеткизип барып билгем. Ага чейин бала-бакыралуу болуп, үй-бүлөнүн жүгүн артынып жүрүп 34 жашында гана Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырган. Ошентип 39 жашында жогорку билимдүү болгон. Ак сакалын жайкалтып тойлордо куда башы болуп жүрдү. Ал-күчкө толуп турган 72 жаш курагында кете берди.

— Орозбек ата үй-бүлөдө, жакындарынын арасында кадыр-барк топтогондой эле кесиптештери жана замандаштары арасында деле сый-урматка бөлөнгөн инсан болгон экен.

Д.К.: — Ооба. Кээде айрым таанымал инсандар жөнүндө түрдүү ушак сөздөрдү угуп калабыз го. Атам жөнүндө ушул убакытка чейин бир дагы жаман сөз уккан жокмун. Көзү тирүү кезинде Дүйшөн Байдөбөтов, Болот Шамшиев, азыр актер Мурат Мамбетов, актриса Назира Мамбетовадан көп жакшы эскерүүлөрдү угуп жүрөбүз.

677
Белгилер:
маек, үй-бүлө, эскерүү, Орозбек Кутманалиев, актер
Тема боюнча
Эстебес Турсуналиевдин байбичеси Рая апа: бир эле арманым бар...
Ошондой сырдашууга жетпей өксүйм го деп ойлой берем. Чыңгыз Шамшиевдин маеги
Жолон Мамытовдун уулу Маяк: атамдын тарбиясынан улам пара алган эмесмин
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков. Архив

Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет