Өткөн суткада 174 кишиден коронавирус табылып, 5 адам көз жумду

© AP Photo / Silvia IzquierdoМедициналык кызматкерлери COVID-19 менен ооругандар үчүн оорукананын коридорунда сүйлөшүп жатышат
Медициналык кызматкерлери COVID-19 менен ооругандар үчүн оорукананын коридорунда сүйлөшүп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп катталган. Тилекке каршы, коронавирус Көлдөн бир адамдын, Бишкектен төрт бейтаптын өмүрүн алган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 174 кишиден коронавирус аныкталып, 244 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 95;
  • Ош – 26;
  • Чүй облусу – 7;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 5.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 104 729га жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 159;
  • Ош шаары – 12;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 17.
Жалпысынан 98 544 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада Кыргызстанда беш адам коронавирустун курмандыгы болгон. Анын бирөө Ысык-Көл облусунда, төртөө Бишкекте көз жумган. Буларды кошкондо коронавирус жалпы 1 808 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 1 696 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 446сы оор абалда болсо, 94ү өтө оор абалда деп бааланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0