Дарыгерлер Бишкектеги оорукананын коридору менен бара жатат. Архив

Министрлик дарыгерлерге жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну көздөп жатат

163
(жаңыланган 16:24 31.05.2021)
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси медиктерге чектөө киргизүү боюнча демилге көтөрүлөрүн айтты.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик ооруканаларда эмгектенген медиктерди жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну көздөп жатканын министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Бурун Аманова мамлекеттик ооруканаларга жеке клиникалардагыдай шарт түзүүгө эмне жолтоо болуп жатканына кызыкты.

"Жеке клиникалардын кызматы абдан эле кымбат. Ошентсе дагы аларга кайрылгандардын саны арбын. Ал жерде мамлекеттик ооруканаларда иштеген эле адистер эмгектенери белгилүү. Мисалы, адис түшкө чейин мамлекеттик, түштөн кийин жеке клиникада болот. Мамлекеттик ооруканаларга деле ошондой шарт түзсө болбойбу?" — деди эл өкүлү.

Бейшеналиев депутаттын көтөргөн маселеси актуалдуу экенин айтып, мамлекеттик ооруканаларда иштеген медиктерге жеке клиникаларга барып элди кабыл алууга чектөө киргизген демилге көтөрүүнү пландап жатканын билдирди.

"Сиз туура айттыңыз. Дарыгерлер эртең менен бейтаптарды мамлекеттик ооруканадан кабыл алып, бирок акча алыш үчүн жеке клиникага жаткырып коюп жатышат. Мындайга жол бербөө үчүн депутаттарга сунушубуз бар", — деди Бейшеналиев.

Ал эми депутат Аманова чектөө киргизүүнү эмес, дарыгерлерге шарт түзүп берүүнү суранып жатканын айтып, аз айлыкка иштеген дарыгерлерди түшүнсө болорун кошумчалады.

163
Белгилер:
Бурун Аманова, Алымкадыр Бейшеналиев, клиника, дарыгер, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
"Спутник V" Sinopharm вакцинасына караганда арзан. Бейшеналиевдин билдирүүсү
Бейшеналиев: "Ысык-Көл тамырына" жасалган клиникалык тажрыйба соңуна чыкты
Медициналык кызматкер вакцина менен шприцти кармап турат. Архив

COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы

16
(жаңыланган 13:42 24.06.2021)
Адистердин айтымында, жогорку деңгээлдеги антитело вакцинадан баш тартуу керек дегенди түшүндүрбөйт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина алардан мурда антителонун бар же жогун аныктоо үчүн тест тапшыруу зарыл эмес. Бул тууралуу Москва шаарынын коронавируска каршы ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө алдында дарыгер бейтапты стандарттык кароодон өткөрөт. Бирок атайын, тереңдетилген текшерүүдөн өтүүнү эч ким талап кылбайт.

Ошондой эле штабдан жогорку деңгээлдеги антитело болсо дагы вакцинадан баш тартпай эле койгон туура экенин кошумчалашты.

16
Белгилер:
эреже, антитело, тест, эмдөө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды
Манас аэропортундагы учак

Кыргызстандан Грузияга түз учууга жол ачылды

20
(жаңыланган 13:29 24.06.2021)
Жаңы каттам үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан баштап жумасына бир жолу жүргүзүлө турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Грузиянын Батуми шаарына түз каттам ачылганын кабарлады.

Бишкек — Батуми — Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды "Эйр Манас" авиакомпаниясы ишке ашырмакчы. Жаңы рейс ушул жылдын 17-июлунан тарта жумасына бир жолу (ишемби) каттай турганы белгилүү болду.

20
Белгилер:
Батуми, маршрутка, аэропорт, Грузия, каттам
Тема боюнча
Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына жасалчу аба каттамдардын саны көбөйдү
Бишкек Ирандан келген алгачкы рейсти тосуп алды, эми түз учууга болот. Сүрөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барып, Тажикстанга да тие келери кабарланды

0
(жаңыланган 14:19 24.06.2021)
Мамлекет башчы 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга барып, 28-29-июнда Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулайт.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрөт.

“Эки өлкөнүн жетекчилери эки жана көп тарапттуу кызматташууну, аймактык жана эл аларык уюмдардын алкагында иштешүүнү талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-29-июнь күндөрү Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолугары кабарланды. Тараптар кырыгыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга барарын Sputnik Тажикстан жазган. 

0
Белгилер:
чек ара, расмий сапар, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду