Бүгүн Маданият министрлиги балдар үчүн бир нече иш-чара өткөрөт. Графиги

© Sputnik / Табылды КадырбековОйноп жаткан балдар. Архив
Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Балдар күнүнө карата өткөрүлө турган эки иш-чарага мектеп окуучулары жана балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы балдары катышат.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада "Балдар — жердин жандуу гүлдөрү" жана "Балдар менен бир күн" акциялары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул иш-чаралар 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
"Балдар — жердин жандуу гүлдөрү" акциясы П. Шубин атындагы борборлоштурулган балдар музыкалык мектебинин концерттик залында саат 11:00дө башталат. Концертке аталган окуу жайдан жалпы 200гө жакын окуучу катышат. Алар хор коллективдери, комуз, гитара, жетиген ансамблдери, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, фортепиано жана скрипкада кол ойноткон окуучулар", – деп жазылат анда.
Жаш манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Бишкек мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялады. Шарты
"Балдар менен бир күн" акциясы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 14:30дө башталат. Иш-чарага чакырылган жаш балдар министр менен чыгармачылык күн өткөрүшөт.
"Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөр боюнча интерактивдүү экскурсия, пластилинден аквариум жасоо мастер-классы жана Т. Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан тартылган "Замки на песке" тасмасы көрсөтүлүп, бөбөктөргө министрдин чакан белеги тапшырылат", – деп жазылат маалыматта.
Бул иш-чарага мектеп окуучулары жана искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары катышат. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу чакырылгандар аралыкты сактап отурушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0