Диетолог туура тамактануунун 4 принциби менен бөлүштү

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүЖашылча-жемиштер. Архив
Жашылча-жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Адис тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртуу үчүн маал-маалы менен тамактануу керектигин белгилеген. Мындан сырткары, уй, чочко этин азайтууну да сунуштаган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россияда диетолог жана нутрициологдор улуттук ассоциациясынын мүчөсү, диетолог Марина Макиша тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртуу үчүн төрт негизги принципти санап бергенин "Известия" басылмасы жазды.
Биринчи принцип. Өттө таштын пайда болушун алдын алып, боор оорусуна кабылбаш үчүн туура тамактануу режимин кармануу керек.
"Тамак сиңирүү системасы өзүнүн биологиялык ритми менен иштейт. Эгер маал-маалы менен тамактанып турбаса, өттө таш пайда болушу ыктымал", — деди адис.
Экинчи принцип — тамактануу рационунда сөзсүз клетчатка болушу шарт.
Диета для избавления лишнего веса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Арыктоого кайсы азык тоскоол болот? Эндокринологдун кеңеши
"Ичеги кыймылдап турушу керек. Ал үчүн сөзсүз курамы клетчаткага бай азыктарды колдонуу зарыл. Күнүнө колдон келсе 500 граммдан ашык жашылча жегиле демекчимин. Түшкү жана кечки тамакка 250-300 граммдай жашылча кошконду унутпагыла", — деген диетолог.
Адис белокту азыраак колдонууну сунуштаган, айрыкча уй менен чочконун этин. Бул үчүнчү принципке кирет.
"Белок организмге керек. Анткени ал негизги курулуш материалы, бирок белок менен организмди кыйнабаш керек. Себеби ал оңой менен сиңбейт. Белокко бай жумуртка, балык эти, быштак, айранды колдоно берсе болот", — деди Макиша.
Төртүнчү принцип — бул ичегинин микрофлорасын сактоо. Диетологдун айтымында, тамак сиңирүүдө жашылчадагы пробиотиктер эле эмес, кычкыл сүт азыктарындагы бактериялар дагы маанилүү.
"Ошондуктан күнүнө бир жолу айран же ачытылган, бышырылган сүт ичип койсо ашыкча болбойт", — деген адис.
Сүт азыктары эле эмес ачытылган азык, маселен, капуста дагы ичегиге абдан пайдалуу экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0