Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары

Жээнбеков менен Зулпукаровдун жактоочулары: курулай күнөөлөө болууда

259
(жаңыланган 01:31 01.06.2021)
Бүгүн эки парламентарийдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, УКМКнын тергөө абагына эки ай мөөнөткө киргизилди.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун жактоочулары эки депутатка курулай күнөө тагылып жатат деген пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн эки парламентарийдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, УКМКнын тергөө абагына эки ай мөөнөткө киргизилген. Алар "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектелүүдө.

Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов бул курулай күнөөлөө деген пикирин журналисттерге айтты.

"Бул кылмыш иши өз кезегинде Асылбек Жээнбековдун Садыр Жапаровдун демилгесин колдобой койгонунан улам болууда. Бул күлкү келерлик иш деп эсептейм. Тергөө экологиялык жана экономикалык нормалардын бузулганын так иликтеп чыгышы керек эле. Тагыраагы, бул мыйзам бузуулар эмнеден келип чыкканын аныктап, андан соң жоопко тартыш керек", — деген юрист.

Ал эми Зулпукаровдун жактоочусу Асылбек Кочкоров тагылган күнөө негизсиз деген пикирин айтты.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Бул курулай күнөөлөө деп эсептейбиз. Айып тагуу стандарттуу түрдө болууда, ал — коррупция. Мен жактап жаткан адамды "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык топтун ишин бир апта кийинкиге калтырганга мурдагы бийликке жардамдашкан деп жатышат", — деди Кочкоров.

Камалган депутаттардын тарапташтары элдик штаб түзүп, УКМКнын имаратынын алдында бүгүн, 1-июнда, саат 10:00дө митинг өткөрмөй болушту.

Эскерте кетсек, бүгүн "Кумтөр" иши боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев кармалган.

259
Белгилер:
камоо, депутат, Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
1-май райондук соттун алдындагы Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары. Видео
"Кумтөр" боюнча экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев кармалды
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Жалал-Абад: жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды

23
(жаңыланган 15:08 24.06.2021)
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көбөйгөнүн кабарлады.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди. Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди. Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.

  • Кичинекей балдарды бою, салмагына жараша атайын ылайыкташтырылган олтургучка отургузуңуз;
  • ылдамдыктын чегин билип, аралыкты сактаңыз. Бул эрежелерди унутуу далай каргашага алып келерин статистика да көрсөтүүдө;
  • чарчап же өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз рулга отурбаңыз. Ошондой эле ичимдик ичип алып автоунаа айдайм деп такыр ойлобоңуз, кесепети чоң;
  • унааны абайлап, эч нерсеге алаксыбай кылдаттык менен айдаңыз. Уюлдук телефон менен рулда баратып сүйлөшпөңүз;
  • жолду карап тыюу салынган аймактарга, жерлерге көңүл буруңуз;
  • унааңыздын техникалык абалына көз салыңыз, мүчүлүштүктөр болсо рулду башкарбаңыз;
  • автоунааңыздын ичинде биринчи жардам кутучасы (аптечка), караңгыда чагылышып турган жилет жана өрт өчүргүч болгону жакшы;
  • жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол кооптуу жер экендигин унутпаңыз. Мындай жакка жакындаганда айдоочу ылдамдыгын алдын ала азайтып, өзүн колго алышы зарыл.
23
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, кеңеш, баннер, жол кырсык, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Ысык-Көл милициясы эс алууга келген чет элдиктерге 7 кеңеш берди
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

31
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

31
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы