Нарында карыяны "мүрзөдө өлтүрөбүз" деп коркуткандардын ким экени такталды. Сүрөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткан 27 жаштагы Ж.А. менен 28 жаштагы М.М. аттуу адамга иш козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиШектүүлөр
Задержание молодых людей угрожавших расправой пожилому мужчине в Кочкоре - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүүлөр
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.
Нарын облустук милиция аксакалды коркуткандар ошол эле күнү кармалганын билдирген.
"Аталган факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын ким экени такталды. Алар Кочкор районунун 27 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы М.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн алар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Шектүүлөргө Кочкор РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш жана териштирүү иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0