Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы

© Фото / пресс-служба НИУ "МИЭТ""Москва электрондук техника институтунун" студенттери. Архив
Москва электрондук техника институтунун студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Экзамендер кадимки форматта жана аралыктан өтөт. Буга байланыштуу кыргызстандыктар билим жактан күчүн Россияга барбай туруп эле сынай алышат.
"Москва электрондук техника институту" (МЭТИ) улуттук изилдөө университети кыргызстандык студенттерди окуу жайга кабыл алуу үчүн сынак жарыялады.
Университеттин маалымат кызматы россиялык окуу жайга тапшыруу үчүн сынакка Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборуна июндун экинчи жарымында барып катышууга боло турганын маалымдады.
© Фото / пресс-служба НИУ "МИЭТ"МЭТИ микро жана наноэлектроника, телекоммуникация жана маалыматтык технология жаатындагы адистерди даярдоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат
Национальный исследовательский университет Московский институт электронной техники (МИЭТ) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
МЭТИ микро жана наноэлектроника, телекоммуникация жана маалыматтык технология жаатындагы адистерди даярдоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат
МЭТИ микро жана наноэлектроника, телекоммуникация жана маалыматтык технология жаатындагы адистерди даярдоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат.
"Сынак кадимки форматта жана аралыктан өтөт. Буга байланыштуу Россияга келүүгө шарты жок балдар экзаменди Кыргызстандан эле тапшыра алышат. Мындан сырткары, биздин мугалимдер Бишкектеги 10-класстын окуучуларына мастер-класстарды өтүп, ал эми физика сабагынан экзамен тапшыра турган 11-класстагыларга консультация беришет", — деди МЭТИнин кабыл алуу комиссиясынын адиси Влада Быкова.
Анын айтымына караганда, быйыл абитуриенттер документтерин беш багыт боюнча тапшыра алышат.
"Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын жарандары россиялыктардай эле бюджеттик окуу формасына өтүү үчүн сынакка катышып же Бирдиктүү мамлекеттик экзамен тапшыра алышат", — деди адис.
Быкова белгилегендей, 2020-жылы бюджетке өткөн абитуриенттердин үч предмет боюнча сынакта алган орточо упайы 240ты түзгөн.
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
"Биздин окуу жайга тапшырууну эртерээк ойлонгондор Россиядагы окуу жайларда билим алууга берилген квотага илинип калуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп калышса болот. МЭТИге квота боюнча өтүш үчүн алгач абитуриент өзү каалаган багытты тандап, андан соң бул окуу жайды приоритет катары белгилеп туруп өз өлкөсүндө сынакка катышса болот. Акы төлөп окууну каалагандар эки предмет боюнча гана экзамен тапшырышат", — деди ал.
Университеттин маалымат кызматынан белгилешкендей, Кыргызстанда МЭТИнин физика-математика боюнча олимпиадалары байма-бай өтүп турат. Жеңүүчүлөр менен сыйлык ээлерине окуу жайга тапшырууда 10 упай кошулат. Ошондой эле "Физтехтин" олимпиадасынын финалына чыгып, ал жактан жеңген окуучу окуу жайга сынагы жок өтөт.
МЭТИнин проректору Дмитрий Коваленконун айтымында, бүгүнкү күндө университетте Бишкектин ар кайсы мектептеринин бүтүрүүчүлөрү билим алууда.
"Акыркы жылдары Е. Якир атындагы физика-математика боюнча мектеп МЭТИнин физика-математика боюнча олимпиадаларын өткөрүү үчүн аянтча болуп берүүдө. Жакында эле биздин университет аймактагы мыктылардын бири болгон "Газпром Кыргызстан" мектеби менен кызматташа баштады. Университеттин педагогдору физика-математика боюнча олимпиадалык "Ысык-Көл" мектебинде иштешет, ошондой эле жогорку класстын окуучуларына аралыктан лекция окушат", — деди ал.
© Фото / пресс-служба НИУ "МИЭТ"МЭТИде 4 500дөн ашык адам билим алат. Алардын 300ү отуз мамлекеттен келген студенттер менен аспиранттар болсо, 11и — Кыргызстандан баргандар.
Национальный исследовательский университет Московский институт электронной техники (МИЭТ) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
МЭТИде 4 500дөн ашык адам билим алат. Алардын 300ү отуз мамлекеттен келген студенттер менен аспиранттар болсо, 11и — Кыргызстандан баргандар.
МЭТИде 4 500дөн ашык адам билим алат. Алардын 300ү отуз мамлекеттен келген студенттер менен аспиранттар болсо, 11и — Кыргызстандан баргандар.
"Бардык чет өлкөлүк студенттерге жатаканадан орун берилет. Бюджеттик формада окугандарга жогорулатылган стипендия төлөнөт жана илимий долбоорлорго катышып, өндүрүштүк практикадан өтүшөт", — деди Коваленко.
Анын айтымында, башка мамлекеттерден келген студенттерге Чет элдик студенттердин ассоциациясы дагы колдоо көрсөтөт.
МЭТИ бакалавриат менен магистратуранын 80ден ашык билим берүү программасын жана аспирантуранын 16 программасын ишке ашырып келет. "Маалыматтык коммуникация технологиясы жана байланыш системасы", "материалдарды жүргүзүү жана материалдардын технологиясы", "программалык инженерия" адистиктерин кыргызстандыктар көп тандашат.
Бишкектик Анна Рааб экинчи курстун студенти. Ал окуу жай боюнча пикирин билдирди.
© Фото / пресс-служба НИУ "МИЭТ"Студент Анна Рааб
Студентка второго курса бакалавриата по направлению Материаловедение и технологии материалов МИЭТ из Бишкека Анна Рааб - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Студент Анна Рааб
"Университеттин сайтын изилдеп чыккандан кийин так ушул окуу жайга тапшыргым келип калды. Бул жактын стипендиясы жакшы. Жатаканадан окуу жайга чейин жөө бассаң 20 мүнөттүк эле убактың кетет. Жеке чоң бассейни бар. Мындан сырткары, окуу жана окуудан тышкаркы иштер үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңири. Менин негизги максатым — мыкты техникалык билим алуу. Келечекте Москвада калууну пландап жатам. Ал жактан кесибим боюнча сөзсүз жумуш табылат", — деди Рааб.
Быйыл МЭТИде студенттер менен бүтүрүүчүлөргө резюме жазып, иш табууга жардам берген карьера менен ишкерликти өнүктүрүү борбору ачылды.
Студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Россиянын Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырды
Маалыматка караганда, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Microsoft, Intel, Synopsys, Cadence, Google, IBM, National Instruments, Samsung, Siemens Networks, Hewlett-Packard, "Газпром нефть", "Сбербанк", "Яндекс", "Касперский лабораториясы" сыяктуу россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы компанияларда эмгектенишет.
МЭТИ Россиядагы рейтинг боюнча 16-сапта турат. Ал эми Times Higher Education BRICS & Emerging Economies дүйнөлүк рейтинги боюнча (2021-жыл) 201-орунду ээлеген.
Иш издөө жана кызматкерлерди алуу боюнча Superjob IT-сервисинин маалыматына караганда, 2015-2019-жылдары МЭТИнин IT-тармагы боюнча бүтүргөндөрдүн орточо айлыгы 105 000 рублди түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0