№52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин окутуучусу Илгиз Шамырзаев

"Мыкты мугалим" Шамырзаев: сынакта батир утпай калсам мигрант болуп кетмекмин

1297
(жаңыланган 20:22 01.06.2021)
Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында өткөн "Жылдын мыкты мугалими — 2021" кароо-сынагында баш байгени утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин окутуучусу Илгиз Шамырзаев бир бөлмөлүү батирлүү болду.

Баш байге ээси, 28 жаштагы мугалим Илгиз Шамырзаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Алмурут айылында туулган. Кыргыз-өзбек университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, 2016-жылдан баштап окуу жайда эмгектенип келет.

— Жеңишиңиз кут болсун! Кесибиңиздин арты менен батирлүү болом деп ойлобосоңуз керек? Ачкычты алып жатканда аябай толкундангандырсыз?

— Ыракмат! Чынын айтканда, ал сезимдерди сөз менен айтып түшүндүрө албасам керек. Аябай толкундандым. Мугалим болуп иштеп жүрүп үйлүү болом деп ойлогон эмесмин.  Мугалимдердин айлыгы батир сатып алууга жетмек турсун күнүмдүк турмуш-тиричилигинен ашпайт эмеспи. Бул да болсо бешенеге жазылган бакыттын бири болсо керек.

— Батирге кирип жашап жатасызбы?

— Учурда үйдүн бардык документтери бүтүп, колума тийди. Ал эми батир буюрса декабрь айында берилет экен. 

Преподаватель кыргызско-турецкой школы №52 Ильгиз Шамырзаев
© Фото / Зульфия Тургунова
"Жылдын мыкты мугалими — 2021" кароо-сынагында баш байгени утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин окутуучусу Илгиз Шамырзаев бир бөлмөлүү батирлүү болду

— Мугалим болуу бала кезден берки кыялыңызбы же турмуш шарт кыстап аркалап калдыңыз беле? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен актёр болууну самачумун. Бирок мен мугалим болуп калдым. Бул кесипти мага ата-энем сунуштаган. Бүгүнкү күндө ошондо жасалган кадамыма ыраазымын. Себеби мугалимде чыгармачылык жөндөм, талант болсо кайсы бир тасмада образ жаратып, ойносо боло берет. Ал эми ар бир эле актёр же актриса мугалим боло албайт.

— Сынакта жашы улуу, тажрыйбалуу кесиптештериңиздин арасынан суурулуп чыгып, баш байгени утуп алуу оңойго турбаса керек?

— Сынакка катышкан 44 мугалимдин баары жөн адам эмес. Баары мыкты жана мыкты сыйлыктарга татыктуу. Алардын ар бири мага устат. Көпчүлүгү өмүрүн мектепке арнаган инсандар.

Менин жеңишиме түрдүү компьютердик программаларда иштөө жөндөмдүүлүгүм, билимимди жогорулатканым, айтор, ар баскычта колумдан келишинче өзгөчө аракеттенип жаткан креативдүүлүгүм себеп болду. Эгерде адам кайсы бир сынакта ийгиликке жетүүнү кааласа, анда татаал жолду тандасын. Себеби ал жакта атаандаш аз болот. Дегеним, жеңиш жөн келбейт. Артында жалпы эмгек жамааттын, достордун, колдоочулардын күнү-түнү тынбаган эмгеги турат.

Преподаватель кыргызско-турецкой школы №52 Ильгиз Шамырзаев
© Фото / Зульфия Тургунова
Баш байге ээси, 28 жаштагы мугалим Илгиз Шамырзаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Алмурут айылында туулган

— Байкасам, бул сынакта баш байгени жана алдыңкы орундарды жаш мугалимдер ээлеген экен...

— Учурда айлана-чөйрөбүздү түрдүү технологиялар курчап турган маал. Ошол технологияны туура пайдаланып, аны натыйжалуу иштетип, колдоно билүү замандын талабы. Сынакта автоунаа утуп алган Капар Момуналиев агабыз да кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал да жаш. Мындан сырткары, биз онлайн-окутуу мезгилинде телесабактар, видеосабактарды даярдоо аркылуу алдыга суурулуп чыга алдык. Башка атаандаштарыбыздан технологиянын жардамы менен окуучулардын билимин өркүндөтүүгө таштап жаткан кадамдарыбыз өзгөчөлөнтүп турат. Мисалы, YouTube тиркемесинде атайын баракчаларыбыз бар. Ал жактан билим берүүгө байланышкан бир нече видеосабактар, кызыктуу материалдар, аналогия, аудио китептер камтылган. Андыктан замандын талабы менен иштеп, замандан артта калбоо бизди жеңишке жеткирди деп айтсам болот.

— Мугалимдердин маянасы аз, мектепте иштөөгө эмне дем берет?

— Мен мектепте иштегенден ырахат алам. Ал эми билим берип окуткан окуучуларымдын баары менин кичинекей досторум. Аларды татыктуу тарбиялап, мыкты инсан кылып коомчулукка кошсом — жеңишим ошол. Жөн гана балдарды окутуп, балдарды тарбиялап жаткан жокмун да. Мен эртеңки келечекти куруудамын. Дал ушул жоопкерчиликтүү кесипти аркалоомдун өзү мага дем берет. Бир ачуу чындык, балким ушул сынак болбой калса, мен дагы кайсы бир күнү чет мамлекеттерге катардагы мигрант болуп чыгып кетмектирмин, ошондой эле болмок. Эми мен мындан аркы жашоомду билим берүүгө арнайм.

Преподаватель кыргызско-турецкой школы №52 Ильгиз Шамырзаев
© Фото / Зульфия Тургунова
Кыргыз-өзбек университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, 2016-жылдан баштап окуу жайда эмгектенип келет

— Мектептерде, айрыкча шаар жеринде эркек мугалимдер өтө аз. Дагы деле ушундай көрүнүшпү?

— Ооба. Көп эле мектептерде дене тарбия мугалимдери эле "агай" деген статусту сактап турбаса, эркек мугалимдердин саны өтө эле аз. Мен билип, мен тааныган чыныгы билимдүү, чыныгы чыгармачыл агайлар арбын. Бирок аларды мектептин айлыгы канааттандырбайт. Биз дал ошондой билимдүү агайларды жогорку маяна менен камсыздап, аларды мектепке тартуубуз керек.

Үйдө да апалар балдарына мээримдүү, ал эми ата деген сөздү укканда ыйбаа кылып турат эмеспи. Демек, агайлардын да, эжейлердин да балага билим берүүдөгү айырмачылыгы чоң. Чындыгында бүгүнкү күндө биз чыныгы эр жигиттин сапаттарына сугарылган уулдарды тарбиялоодо арттабыз. Баланын тарбиясы мыкты болушу керек. Мыкты тарбия мыкты билимди шарттайт. Ата-эненин милдети — балага мыкты тарбия берүү. Ал эми мугалимдин милдети — баланы мыкты окутуп, билим берүү. Тыянак чыгарып айта турган болсок, баланын тарбиясына ата-эне жооп берсин, баланын билимине мугалим жооп берсин. Тилекке каршы, учурда сабактын тең жарымы балдарды тарбиялоого кетип калат.

— Пандемия коомчулукка мугалимдик түйшүктүн канчалык оор экендигин, мээнети күч, бирок маянасы аз мугалимдин кадырын сездирип койду. Онлайн-режимде окутуу канчалык оор болду?

— Мен анча кыйналган жокмун. Бардык өтүлүүчү темаларды алдын ала видеосабак түрүндө даярдап, түрдүү тиркемелерди пайдаланып эмгектенип жаттык. Ал эми капысынан эле жарала калган бул кырдаал жашы улуу эжекелерибиз үчүн татаал эле болду.

— Онлайн-окутуу балдардын билим деңгээлин төмөндөтөт дегенге кандай карайсыз?

— Балдарды онлайн-окутуу чарасыздыктын, программадан калып кетпөөнүн эле иши. Андыктан балдардын билим алуусун начарлатып жиберди дегенге толук кошулам. Жандуу пикир алышып, жандуу билим берүүгө жетпейт.

Преподаватель кыргызско-турецкой школы №52 Ильгиз Шамырзаев
© Фото / Зульфия Тургунова
Шамырзаев: мугалим болуп иштеп жүрүп үйлүү болом деп ойлогон эмесмин

— Ата-энеси миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн мектеп курагындагы балдары ар кандай кылмыш иштерине аралашып же өз өмүрүнө кол салган учурлар көбөйүүдө. Көпчүлүк учурда буга мектеп мугалимдери күнөөлөнүп, директорлор кызматтан алынган учурлар да катталып жатат.

— Бул орчундуу маселе. Эч бир мугалим окуучуну андай ишке үндөбөйт, үйрөтпөйт. Анан калса бир мугалимдин классында 30 окуучу болсо, мугалим мектеп директору менен кошулуп алып алардын артынан улам көзөмөлдөп жүрүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан бир жактуу окутуучуларды эле айыптай берүү болбойт. Бул маселе боюнча билим берүү жана илим министри тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу керек.

— Кыргызстанда жаштардын, дегеле көпчүлүктүн эңсегени депутаттык кресло болуп калды... Мисалы, Түркия мамлекетинде мугалимдик кесипти эң ардактуу жана алдыңкы кесип катары баалашат.

— Бир дарыгердин катасы бир бейтаптын өлүмүнө алып келет. Бир соттун туура эмес чечими күнөөсүз башка бир адамдын өмүрүн темир тор артында өткөрүүсүн шарттайт. Ал эми мугалимдин кетирген катасы бүтүндөй бир мамлекеттин жоголуп кетүүсүнө алып келүүсү турган кеп. Муну дүйнөнү түрө кыдырган философтор айткан. Бүгүнкү күндө өнүккөн мамлекеттердин баарынын тарыхын карай турган болсок, алар мугалимдерге, билим берүү тармагына басым жасашат. Алгач коомчулуктун арасында мугалимдин кадыр-баркын, анын маянасын көтөрүү керек. Мына ошондо гана бул тармакта чыныгы дасыккан кызматкерлер көбөйө баштайт.

— Билим берүү тармагы кандай реформага муктаж деп ойлойсуз?

— Биз билим берүүдөгү түрдүү эрежелер, жаттама көрүнүштөр, ашыкча маалыматтык фастфуттардан арылышыбыз керек. Бир мисал айтайын, кыргыз тили сабагында 14 үндүүнү жаактын ачылышына карай, эринге карай, үндүн созулуу абалына карай, тилге карай бөлүнөт деп өзгөчөлүктөрүн үйрөтөбүз. Бирок кийинки жашоосунда бул маалыматтардын балага канчалык пайдасы бар? Аны турмушунда кандай учурларда колдонот? Демек, биз окуучуларды турмушка даярдоонун ордуна алардын башын ашыкча маалыматтар менен толтуруп жатабыз. Бул маселелерди талдай келсек, өзүнчө бир чоң тема. Андыктан сөзгө эмес, ишке өтүүнү эп көрөм. Буюрса, бул багытта да чоң ачылыш жасасам деген ниетим бар.

Преподаватель кыргызско-турецкой школы №52 Ильгиз Шамырзаев
© Фото / Зульфия Тургунова
Шамырзаев: Мугалимдердин айлыгы батир сатып алууга жетмек турсун күнүмдүк турмуш-тиричилигинен ашпайт эмеспи. Бул да болсо бешенеге жазылган бакыттын бири болсо керек

— Канткенде балдарга татыктуу тарбия менен билим бере алабыз? Жаш мугалим катары оюңузду уксак.

— Жеке оюмда мен Япониянын билим берүү системасын колдойт элем. Аларда 1-4-класстарда эч кандай сабак өтүлбөйт, төрт жыл бою адепке тарбиялашат. Адамдар менен мамилелешүүгө, кечирим суроого, өзүн-өзү алып жүрүүгө дегендей. Ал эми ар тараптан даяр болгон балага билим берүүнүн натыйжасы жакшы болот. Муну биз кайсы бир жерге эки-үч жыл эч бир эгин айдабай, андан кийин бир жыл эгин айдап эле көп түшүм жыйнап алуучу абалга салыштырсак болот.

— Кыргыз тили мугалими катары тилдин өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатасыз? Балдарга өз тилин сүйүп, барктоону кандай жолдор менен үйрөтсө болот?

— Мен кыргыз тили сабагында мүмкүн болушунча ар бир сөздү кыргызча так жана түшүнүктүү кылып сүйлөгөнгө аракет жасаймын. Мейли көчөдө, мейли үйдө болсун, кыргыз тилинде сүйлөйм. Ал эми түрдүү жазуу түрүндөгү кат алышууларда да мен сөздөрдү жазуу эрежесине таянып, үтүр, чекитине чейин коюп жазганды жакшы көрөм. Эч болбосо ошол жазууну окуган бир адам сөздөрдүн кандай жазыларын көрүп, билбегенин билип алса деген тилек. Ал эми балдарга эне тилин сүйүүнү калыптандыруу үчүн алар менен маектешүү керек деп айтар элем.

1297
Белгилер:
Технологиялар, Ош, ачылыш, онлайн, пандемия, окуучу, кыргыз тили, батир, сынак, мугалим
Тема боюнча
Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылды. Артыкчылыгы
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

13
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

13
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы
Медициналык кызматкер вакцина менен шприцти кармап турат. Архив

COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы