Кыргызстандын бийлиги карышкыр аткандарга сый акыны көбөйтөт

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЭл аралык көргөзмөдө карышкырдын башы. Архив
Эл аралык көргөзмөдө карышкырдын башы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Мындай чечим жырткычтарды кармоодо мергенчилерди шыктандырат. Бирок бул үчүн бюджеттен кошумча миллиондогон каражат талап кылынат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети атылган ар бир карышкыр менен чөөнүн башына сый акыны жогорулатууну чечти. Тийиштүү токтомдун долбоорун Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги өкмөткө сунуш кылды.
Ага ылайык, атылган ар бир карышкырдын дөбөтү же канчыгы үчүн мергенчилерге 10 миң сом, ал эми бөлтүрүккө (1-октябрга чейин) үч миң сом төлөнөт. Учурда карышкырга алты, ал эми баласына 1 500 сом берилип келет.
Кыргызстанда 2020-жылы кайсы жаныбарлар  көп атылды? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Мамлекет өткөн жылы аңчылыктан канча акча тапты? Инфографика
Чөөнүн терисине беш миң сом каралган (ушу тапта эки миң сом). Ошол эле учурда атылган ар бир баш үчүн каралган сый акы киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн эске алуу менен берилет. Жырткычтардын терилери кабыл алынбайт, бирок атайын белгилер коюлат.
Министрликтин маалыматына караганда, 2020-жылы карышкырлар фермерлерге болжол менен 28 миллион сомдук зыян келтирген. 2020-жылы Республика боюнча жалпысынан 2 334 жырткыч жаныбар, анын ичинде 382 карышкыр, 19 бөлтүрүк жана 1 933 баш чөө атылган. Аңчыларга беш миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн.
"Деген менен бул карышкыр жана чөөлөрдүн санын талаптагыдай деңгээлде кыскарта албайт. Ошондуктан жырткыч жаныбарлар мал чарбасынын өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизе берет", — дешти министрликтен.
Мергенчилерди жана жергиликтүү калкты шыктандыруу үчүн сый акыны жогорулаткан токтом долбоору иштелип чыкты. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык казынадан 7,6 миллиондон 9,5 миллион сомго чейин каражат талап кылынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0