Жайыттардагы аба ырайын көрсөткөн мобилдик тиркеме иштей баштады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖайытта турган мал. Архив
Жайытта турган мал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Тиркеме өлкөнүн кайсы жеринде кайсы күнү жамгыр жаап, температура канча градуска чейин жетерин көрсөтөт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бардык жайыттарындагы аба ырайы тууралуу маалымат берип турган MeteoKG мобилдик тиркемеси иштей баштады. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Тиркемени App Store же Play Market интернет-дүкөндөрүнөн көчүрүп алууга болот. Мунун жардамы менен тоолуу аймактарда мал баккан фермерлер метеорологиялык жана гидрологиялык кооптуулуктар боюнча алдын ала кабардар болушат.
"Система алдыңкы 10 күнгө чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берет. Өлкөнүн кайсы жеринде кайсы күнү жамгыр жаап, температуранын градусу канчага чейин жетерин көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0