* КОРОНАВИРУС * СТАТИСТИКА *
Медициналык кызматкер COVID-19га анализдер менен. Архив

Өткөн суткада коронавирус 358 кишиден табылып, 6 бейтап көз жумду

109
(жаңыланган 10:02 02.06.2021)
Коронавирустан көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда. Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткан 94 кишинин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 358 кишиден коронавирус табылып, 302 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 163;
  • Ош – 64;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу – 19;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 5.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 105 469га жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 204;
  • Ош шаары – 11;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 3.

Оору жуктургандардын ичинен жалпысынан 99 175 адам дартты жеңди.

Өткөн суткада коронавирус алты адамдын өмүрүн алган:

  • Бишкек – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Ушуну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 821ге жетти.

Учурда стационарда 1 660 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 444ү оор абалда болсо, 94үнүн абалы өтө оор деп бааланды.

109
Белгилер:
оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1667)
Тема боюнча
ЖМК: Ухандагы илимпоздун аялы COVID-19дан пандемияга чейин эле көз жумган
Ампулы с российским препаратом Гам-Ковид-Вак (Спутник V) для вакцинации жителей Тулы против COVID-19 в торговом центре Гостиный двор.

"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди

0
(жаңыланган 16:46 25.06.2021)
Буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып, калгандар Sinopharm вакцинасын алып жаткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда "Спутник V" вакцинасын мындан ары 60 жаштан өткөн же өнөкөт оорусу барлардан тышкары айрым ведомстволордун өкүлдөрү жаш курагына карабай алса болот. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Маалыматка караганда, вакцинаны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ИИМдин, УКМКнын, Коргоо министрлигинин жана Бажы кызматынын өкүлдөрү ала алат.

"Негизи эл менен тыгыз байланышта иштеген кесип ээлерин мурда эле биринчилерден кылып эмдөө пландалган. Биз ошол сценарий боюнча бара жатабыз. Эгер Sinopharm вакцинасы келсе, аны менен деле эмдей беребиз", — деди Кыргызбаев.

Эске салсак, буга чейин "Спутник V" вакцинасы 60 жаштан өткөн жана өнөкөт оорусу бар жарандарга гана сайылып жаткан. Ал эми башкаларга Sinopharm вакцинасы колдонулууда.

Март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыктарын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган.

0
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Спутник V, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө

Ааламга таанылган атактуулардын атасы менен түшкөн 15 сүрөтү

6
(жаңыланган 16:39 25.06.2021)
  • Июндун үчүнчү жумасында аталардын күнү белгиленет. Сүрөттө ырчы Шакира атасы Уильям Мебаракты Латын үн жазуучу академиясында өткөн Жылдын адамы иш-чарасында кучактап турган учуру.
  • Сүрөттө актер Леонардо Ди Каприо жана анын атасы Жордж Ди Каприо
  • Турмушка чыгып жаткан Кейт Миддлтон атасы Майкл Миддлтон менен. 2011-жыл
  • Кызы жана атасы. Ырчылар Майли Сайрус жана Билли Рэй Сайрустун Нью-Йорктогу ырдап жаткан учурунан бир көрүнүш.
  • Актер Эштон Катчер жана атасы Ларри менен
  • Блейк жана Эрни Лайвли Золотой глобусту тапшыруу салтанатында. Беверли-Хиллз (Калифорния).
  • Актриса Эмбер Херд атасы Дэвид Херд менен. Голливудда тартылган сүрөт.
  • Актер жана режиссер Жорж Клуни атасы Ник Клунини Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинде тосуп алып жаткан учуру.
  • Актерлор Роберт жана Крис Пайн Hollywood Reporter журналына арналган салтанатта. Лос-Анжелес
  • Кызы менен атасы. Кейт Хадсон жана ырчы Кэти Перри Голливудда кинотасманын бет ачарында.
  • Актриса Анжелина Жоли атасы актер Жон Войт менен
  • Женнифер Энистон атасы Жон Энистон менен Лос-Анжелестеги Атактуулар аллеясында
  • Авнер Хершлаг жана кызы, актриса Натали Портман
  • Актриса Лили Коллинз жана атасы, музыкант Фил Коллинз
  • Бруно Марс жана анын атасы Питер Эрнандес MTV сыйлыгын тапшыруу аземинде. Нью-Йорк
Июндун үчүнчү жумасында аталардын күнү белгиленип келет. Төмөндө Sputnik Кыргызстан топтогон сүрөт түрмөктөн атагы алыска кеткендердин аталарын көрө аласыз.

Аталар күнүн биринчи ирет 1910-жылы Споукейн шаарчасында (Вашингтон штаты, АКШ) жергиликтүү тургун Сонора Додд аттуу аялдын демилгеси менен белгилешкен. Додд бул дата АКШдагы аталарга көрсөтүлгөн урмат катары калышына абдан аракет кылган. Себеби анын атасы Уильям Смарт аялы өлүп калгандан кийин алты баланы (анын ичинен бирөө ымыркай болгон) өзү жалгыз тарбиялап, өстүрүп-чоңойткон. Жарандык согушка да катышкан. Кийин балдары менен фермада жашап, алтоону эч нерседен кем кылбаганга, көңүлүн оорутпаганга аракет кылып, камкордукка бөлөп өстүргөн.

1966-жылы бул майрам расмий бекитилип, Аталар күнү боюнча жарлыкка АКШнын президенти Линдон Жонсон кол койгон. Ошондон тарта июндун үчүнчү аптасы Аталар күнү катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар элдин аялуу катмарындагы кишилерге, балдарын жалгыз тарбиялап жаткандарга жардам көрсөтүп келишет. Адат акырындап калыптанып отуруп, башка өлкөлөргө да жете баштады. Россияда Аталар күнүн расмий болбосо да 2014-жылдан тарта белгилей башташкан. Кыргызстанда да бул расмий майрам катары кабыл алынган эмес, бирок социалдык тармактарда кыргызстандыктар бири-бирин куттуктаганын кездештирүүгө болот.

6
  • Июндун үчүнчү жумасында аталардын күнү белгиленет. Сүрөттө ырчы Шакира атасы Уильям Мебаракты Латын үн жазуучу академиясында өткөн Жылдын адамы иш-чарасында кучактап турган учуру.
    © AFP 2021 / Jewel Samad

    Июндун үчүнчү жумасында аталардын күнү белгиленет. Сүрөттө ырчы Шакира атасы Уильям Мебаракты Латын үн жазуучу академиясында өткөн "Жылдын адамы" иш-чарасында кучактап турган учуру.

  • Сүрөттө актер Леонардо Ди Каприо жана анын атасы Жордж Ди Каприо
    © AP Photo / Francois Mori

    Сүрөттө актер Леонардо Ди Каприо жана анын атасы Жордж Ди Каприо

  • Турмушка чыгып жаткан Кейт Миддлтон атасы Майкл Миддлтон менен. 2011-жыл
    © AFP 2021 / Paul Ellis

    Турмушка чыгып жаткан Кейт Миддлтон атасы Майкл Миддлтон менен. 2011-жыл

  • Кызы жана атасы. Ырчылар Майли Сайрус жана Билли Рэй Сайрустун Нью-Йорктогу ырдап жаткан учурунан бир көрүнүш.
    © AFP 2021 / Bryan Bedder/Getty Images

    Кызы жана атасы. Ырчылар Майли Сайрус жана Билли Рэй Сайрустун Нью-Йорктогу ырдап жаткан учурунан бир көрүнүш.

  • Актер Эштон Катчер жана атасы Ларри менен
    © Depositphotos / S_bukley

    Актер Эштон Катчер жана атасы Ларри менен

  • Блейк жана Эрни Лайвли Золотой глобусту тапшыруу салтанатында. Беверли-Хиллз (Калифорния).
    © AP Photo / Chris Pizzello

    Блейк жана Эрни Лайвли "Золотой глобусту" тапшыруу салтанатында. Беверли-Хиллз (Калифорния).

  • Актриса Эмбер Херд атасы Дэвид Херд менен. Голливудда тартылган сүрөт.
    © AFP 2021 / David Livingston / Getty Images

    Актриса Эмбер Херд атасы Дэвид Херд менен. Голливудда тартылган сүрөт.

  • Актер жана режиссер Жорж Клуни атасы Ник Клунини Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинде тосуп алып жаткан учуру.
    © AP Photo / Chris Pizzello

    Актер жана режиссер Жорж Клуни атасы Ник Клунини Лос-Анжелестеги сыйлык тапшыруу аземинде тосуп алып жаткан учуру.

  • Актерлор Роберт жана Крис Пайн Hollywood Reporter журналына арналган салтанатта. Лос-Анжелес
    © AFP 2021 / Kevin Winter / Getty Images

    Актерлор Роберт жана Крис Пайн Hollywood Reporter журналына арналган салтанатта. Лос-Анжелес

  • Кызы менен атасы. Кейт Хадсон жана ырчы Кэти Перри Голливудда кинотасманын бет ачарында.
    © AFP 2021 / Kevin Winter / Getty Images

    Кызы менен атасы. Кейт Хадсон жана ырчы Кэти Перри Голливудда кинотасманын бет ачарында.

  • Актриса Анжелина Жоли атасы актер Жон Войт менен
    © AFP 2021 / Kevin Winter / Getty Images

    Актриса Анжелина Жоли атасы актер Жон Войт менен

  • Женнифер Энистон атасы Жон Энистон менен Лос-Анжелестеги Атактуулар аллеясында
    © AP Photo / Chris Pizzello

    Женнифер Энистон атасы Жон Энистон менен Лос-Анжелестеги Атактуулар аллеясында

  • Авнер Хершлаг жана кызы, актриса Натали Портман
    © AP Photo / Chris Pizzello

    Авнер Хершлаг жана кызы, актриса Натали Портман

  • Актриса Лили Коллинз жана атасы, музыкант Фил Коллинз
    © AP Photo / Peter Kramer

    Актриса Лили Коллинз жана атасы, музыкант Фил Коллинз

  • Бруно Марс жана анын атасы Питер Эрнандес MTV сыйлыгын тапшыруу аземинде. Нью-Йорк
    © AFP 2021 / Larry Busacca / Getty Images for MTV

    Бруно Марс жана анын атасы Питер Эрнандес MTV сыйлыгын тапшыруу аземинде. Нью-Йорк

Белгилер:
камкордук, бала, ата, АКШ
Тема боюнча
Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер
Кыргызстандагы белгилүү 11 сары кыргыз. Аткаминерден шоуменге чейин