Ынтымакта бололу! Мэрия "Жолдон ала кет" акциясын демилгеледи

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги автоунаалар. Архив
Бишкектеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Учурда Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштап койгондуктан аялдамаларда коомдук транспорт күткөндөр көп болууда.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Жолдон ала кет" акциясын баштоону демилгеледи. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Айдоочулар аялдамаларда коомдук транспортту күтүп турган шаардыктарды жана шаар конокторун ала кетсин деп жатабыз. Кандай гана кырдаал жаралбасын, шаар тургундары бири-бирин колдой турганын, ынтымагыбыз бекем экенин көрсөтүшүбүз керек", — дешти мэриядан.

Айдоочулардын иш ташташы

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.
1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.
Ситуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Маршруткалар ишке чыкпай Бишкекте кайрадан тыгын жаралды
Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда.
Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.
Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0