Исхак Пирматов камакка алынды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Исхак Пирматов. Архив
Депутат Исхак Пирматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Саясатчыны камоо тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. Пирматов 31-майда кармалган болчу.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Экс-депутат Исхак Пирматов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Эске салсак, саясатчы 31-майда кармалган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да кармалып, эки айга камалышкан болчу. Бардыгы тең Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0