Маматалиев: ишке чыкпаган маршруткалардын лицензиясын алып, башкага берели

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Марлен Маматалиев. Архив
Депутат Марлен Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Депутат буга чейин бирөө "700 автобусту бекер алып келели, бизге линия бергиле" десе мэрия макул болбой жатканын айтат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясын башкага берип маселени чечиш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүнкү жыйында билдирди.
Эл өкүлү жыл сайын ушундай кырдаал жараларын айтып, мындан улам парламент тарабынан тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.
"Жыл сайын айдоочулар эмес, жүргүнчү ташыган фирманын ээлери, беш-алтоо биригип саботаж кылат. Муну мен ультиматум деп айтат элем. Маселесин мэрия менен чечишип албайбы, элде эмне күнөө. Ушуга биз дагы киришип, чечип койсок жакшы болот эле. Мен билгенден бирөө "700 автобусту бекер алып келели, бизге линия бергиле" десе мэрия макул болбой жатыптыр. Керек болсо азыр каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын алып ошолорго берип, маселени чечиш керек", — деди Маматалиев.
Аны менен катар депутат дүйнөлүк биржада баа көтөрүлбөгөнүн айтып, долларга шылтап эле күйүүчү майды кымбаттата берүү негизсиз экенин белгиледи.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-19-январында дагы айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кирени 5 сомго жогорулатууну талап кылып, акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0