Социалдык адаптациядан өтүп жаткан бөбөктөргө майрам тартууланды. Сүрөт

© Фото / Нур ЭшимкановаПразднование день защиты детей в Детском центре социальной адаптации в Бишкеке
Празднование день защиты детей в Детском центре социальной адаптации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Балдардын социалдык адаптация борборунда турмуштук оор кырдаалга кабылган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашайт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧМКБ) адистери Бишкек шаарындагы Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборундагы бөбөктөрдү майрамдатты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Иш-чаранын демилгечиси, РДЧМК борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Жеңишгүл Тоголокова балдар үчүн атайын куурчак театрын даярдаган. Ошондой эле аларга колду кантип туура жууш керектиги тууралуу мультфильм көрсөтүлүп, белектер жана таттуулар тапшырылган.
© Фото / Нур ЭшимкановаБалдар үчүн атайын куурчак театры даярдалган
Празднование день защиты детей в Детском центре социальной адаптации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Балдар үчүн атайын куурчак театры даярдалган
Социалдык жактан адаптациялоо борборунун тарбиячысы Кундуз Калдымолдоеванын айтымында, кыйын учурга туш болгон балдар күнү-түнү кабыл алынат.
"Борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар жашайт. Бул жерде жарым жыл болушуп, андан кийинки жашай турган жерин комиссия чечип, жөнөтөт. Айрым балдар эки-үч жолудан түшүшөт. Негизи балдар бизди угушат, мектепке барып келип окугандары бар, ийримдерге кызыгып катышышат", — деди Калдымолдоева.
Белгилей кетсек, 2000-жылы Норвегия өкмөтү, ПРООНдун каржы кеңсеси жана кыргыз өкмөтү, ошондой эле Бишкек мэриясынын токтому менен Балдардын социалдык адаптация борбору түзүлгөн. Борбор 70 орунга ылайыкташтырылган. Бул жерде турмуштук оор кырдаалга кабылган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык, медициналык, психологиялык, педагогикалык кызмат көрсөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0