Жолдогу маршруткалар. Архив

Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет

127
(жаңыланган 13:56 02.06.2021)
Муниципалитет тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

Вице-мэрдин айтымында, муниципалитет азыркы тапта ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылып жатат.

"Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калат деп эч ким ойлогон эмес. Учурда шаардык кеңештин депутаттарынын азыркы курамын чогултууга аракет кылып жатабыз. Бирок кепилдик бере албайбыз, анткени биз жөн гана аткаруучу органбыз. Эгер азыркы түзүмдү чогулта албасак, анда шайлоо бүтөрү менен жаңы шайланган депутаттар биринчи кезекте дал ушул маселени карайт", — деди мэриянын өкүлү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

127
Белгилер:
жол кире, шаардык кеңеш, вице-мэр, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
Тема боюнча
Вице-мэр: маршрутка айдоочулары тарифти көтөрмөйүнчө жумушка чыкпайбыз дешти
Кайгуул милициясы маршрутка күткөн балалуу аялдарды ташып жатат. Сүрөт
Акыйып автобус күткөн шаардыктар. Бишкектеги азыркы абалдын 14 сүрөтү
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

51
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

51
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

91
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

91
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео