Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда жоруктардын 84 пайызы мыйзам бузууга өтүшү мүмкүн. Себеби

118
(жаңыланган 18:20 02.06.2021)
Учурда мыйзамга каршы келген тартип бузуу оордугуна жараша үч кодекстин негизинде каралат. Маселен, түкүргөндөр Эреже бузуу, адам өлтүргөндөр Жазык кодексинин негизинде жазасын алат. Алардын ортосунда Жоруктар кодекси бар.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жоруктардын 123 түрүнүн ичинен 84 пайызын тартип бузуу категориясына киргизүү керектигин Башкы прокуратуранын Мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү жана ишти уюштуруу башкармалыгынын ага прокурору Азизбек Шүкүрбеков сунуштады.

Бул тууралуу ал Жазык, Жазык-процессуалдык, Жазык аткаруу жана Эреже бузуу кодексинин долбоорлорунун бет ачары болгон учурда айтты.

"Жоруктардын 123 түрүнүн 104үн Эреже бузуу кодексине которуу жана калган 19 беренени анча оор эместигине карап Жазык кодексине киргизүү сунушталууда. Бул бир катар жоруктарды декриминализациялоо жана мыйзамдарды гумандаштырууну айгинелейт", — деген ал.

Муну менен катар эле анча оор эмес кылмыштар үчүн Жазык кодексинин долбоору боюнча эркинен ажыратуу каралган эмес.

"Стратегиялык чечимдер" деп аталган коомдук фонддун укуктук эксперти Ирина Летова бул сунуштар боюнча тынчсыздангандыгын билдирди. Анын айтымына караганда, Жоруктар кодексин эч кандай негизи жок эле жок кылып салууну көздөп жатышат.

"Жоруктардын бир бөлүгү өтө оор эмес кылмышка кирип калды. Бул деген эч кандай гумандаштыруу эмес, криминализация болуп жатат. Жорук менен кылмыш деген экөө эки башка нерсе да", — деди ал.

Эске салсак, мыйзамга каршы келген тартип бузуу оордугуна жараша үч кодекстин негизинде каралат. Маселен, түкүргөндөр Эреже бузуу, адам өлтүргөндөр Жазык кодексинин негизинде жазасын алат. Алардын ортосунда Жоруктар кодекси бар. Ал эреже бузуу менен кылмыштын ортосунда жасалган кылыктардын жоопкерчилигин аныктайт. Кылган жоругу үчүн адам эркинен ажыратылбайт.

118
Белгилер:
эреже, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоошбаев: укук коргоо органдарынын колу-буту байланып калды
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

34
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

34
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

68
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

68
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео