Россия Баткендеги кыйраган объектилерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-тажик чек арасында жабыркаган үй
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын 24-25-майдагы Сочи шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россия Баткен облусундагы талкаланган инфраструктураны калыбына киртирүүгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жолукканда белгилүү болду.
Жолугушуу учурунда кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын 24-25-майдагы Сочи шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду.
“Мамлекеттер ортосундагы авиа, автотранспорттук жана темир жол байланыштарды толук кандуу жандандыруу аркылуу экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну талкуулашты. Россия тарап Баткен облусундагы кыйроого учураган инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Москва электрондук техника институтунун студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы
Ошондой эле БУУнун уставына жана башка эл аралык конвенцияларга ылайык кабыл алынган аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, эл аралык талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптерди бекем кармана тургандыгын тастыкташты.
Казакбаев Россия тарапка коронавирус пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы, анын ичинде кайтарымсыз негизде “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0