Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдагандар бүгүн да жумушка чыккан жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган шаар тургундары
Аялдамада турган шаар тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Бишкектин шаардык транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков кечээ айдоочулардын айрымдары каттамга чыгарын белгилеген.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочулар бүгүн да жумушка чыгышкан жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги, "Манас" эл аралык аэропорту жана "Дордой" ассоциациясы 15тен ашык автобустарды берип, алар шаар тургундарын акысыз ташыды. Линияда мэриянын 141 троллейбусу жана 110 автобусу эл ташып жатканы белгилүү болду.
Буга чейин ЖМКларда айдоочулар бир апта бою жумуш таштай турганы тууралуу маалыматтар жазылган. Мэрия маршруттук унааларга ээлик кылган фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, жыйынтыгы азырынча айтыла элек.
Бишкектин шаардык транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков КТРКнын эфиринен сүйлөп жатып айдоочулардын айрымдары линияга чыгууга даяр экенин белгилеген.
Кечээ, 2-июнда, Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштап, линияга чыгышкан эмес. Алар жол акыны көтөрүүнү талап кылышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0