Кайгуул милициясы Бишкектеги тыгындын себебин айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема автомобильного затора в Бишкеке
Проблема автомобильного затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Бишкектин тургундары шаарда маршруттук унаалар жумушка чыкпаса да жолдордо тыгын болуп жатканына нааразы болушууда.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кайгуул милициясы Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү тыгындын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анда менчик унаалардын да көп санда жолго чыкканы буга себеп болгону белгиленет.
"Шаардагы маршрутка айдоочуларынын иш таштоосунан улам унаасы бар шаардыктар машиналарын айдап чыгышкан. Мындан сырткары, көчөлөрдө таксисттер да көп болууда", — дешти милициядан.
Жолодогу автотыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Маршруткасыз Бишкекте учурда эмне болуп жатат. Видео, сүрөт
Кайгуул милициясы учурда шаарда тыгынды пайда кыла турган эч кандай рейд же башка иш-чара өткөрүлбөгөнүн кошумчалады.
Кечээ, 2-июнда, Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштап, линияга чыгышкан эмес. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.
Мэрия маршруттук унааларга ээлик кылган фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзгөнүнө карабастан, алар бүгүн, 3-июнда да, линияга чыгышкан жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0