Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Архивдик сүрөт

Тариф маселесине чекит коюлат. Мэрдин милдетин аткаруучу элден кечирим сурады

239
(жаңыланган 11:43 03.06.2021)
Кудайбергеновдун айтымында, азыркы тапта шаардыктарды ташууга "Манас" аэропортунун, президенттин иш башкармалыгынын автобустары пайдаланылып жатат.

БИШКЕК 3-июн.—Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коомдук транспорт боюнча жаралган көйгөйдөн улам шаардыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары иш таштаган. Алар мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

"Транспорт компаниялары менен бир эмес, бир нече ирет жолугушууларды өткөрдүм. Жыйынтыгында бардык тарап бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экенин айткан. Мен жол кире акысын шаардыктардын макулдугу жок өзүм эле көтөрүп кое албайм жана бул маселени жалгыз чече албайм. Коомдук транспорттун акысын эки тарапка тең ыңгайлуу коюп берүүнү колдойм. Бул маселе эч качан коркутуп-үркүтүү, ультиматум жолу менен чечилбейт", — деди Кудайбергенов.

Анын айтымында, азыркы тапта шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө жана элди ташууга "Манас" аэропортунун, президенттин иш башкармалыгынын автобустары пайдаланылып жатат.

"Урматтуу бишкектиктер, силер бизди түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. Жакын арада коомдук транспорт боюнча бардык маселе каралып, чечим кабыл алынат. Тариф маселесине да чекит коюлат деп убада беребиз", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Эске салсак, азыркы тапта шаардыктарды автобус, троллейбустар ташууда. Мындан сырткары, жеңил автоунаанын айдоочулары элди аялдамалардан алып кетип жатат.

239
Белгилер:
коомдук транспорт, мэрия, Бактыбек Кудайбергенов
Тема:
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
Тема боюнча
Шералиев: автоунааны кайра каттатуу жыл соңуна чейин 460 сом болот
"Манас" аэропорту, ИИМдин автобустары шаардыктарды акысыз ташууда
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

2
(жаңыланган 22:37 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүн" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон

2
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

12
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

12
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты