Бишкектеги аялдамада шаардын тургундары

Үнүбүз элге жетпей жатат. Маршруткалардын айдоочулары үн катты

205
(жаңыланган 14:54 03.06.2021)
Айдоочу кайрылуусунда аткаминерлер керек болгондо өздөрүнүн суроосун беш мүнөттө чечип алышарын, ал эми алардын тариф маселеси алты айдан бери сүйрөлүп келе жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары ишке арга жок калгандан кийин чыкпай койгондуктарын билдирип, эл дагы аларды түшүнүшү керектигин айтышты. Бүгүн Көк-Жар кичи районундагы эң акыркы аялдамалардын биринде жыйын өттү.

"Биздин балдардын талабы баа боюнча болуп жатат. Ага 2021-жылдан бери тарифтин көтөрүлбөгөнү, күйүүчү майдын, тетиктердин кымбатташы себеп болууда. Көп балдардын (айдоочулардын — ред.) кредити бар. Бул жерде түнкүсүн иштегендер да жок эмес. Биз элди карап жатабыз, эл дагы биздин көйгөйлөрдү түшүнүшү керек. Аларды калкка айталы деп жеткире албай жатабыз. Чоңдорго жеткени менен бирок ары кетпей жатат. Алты айдан бери күтүп келе жатабыз, айла жок болуп калды. Тетиктер кымбаттап, мурда 500 сом болгондору азыр 2000 сомго чыгып кетти. Үйгө деле акча алып келбей калдык. Батирдин ижара акысын төлөп жашаган айдоочулар бар. Аткаминерлер өздөрүнө керектүү мыйзамдарды беш мүнөттө чечип жатпайбы, алты айдын ичинде биздикин да чечип койсо болмок да", — деди айдоочулардын бири.

Айдоочулардын өкүлү алар жасаган жакшы иштер, төккөн салыктар көз жаздымда калып жаткандыгын кошумчалады.

"Биздин маселени Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары келгенде карайт дешти, бирок азыркылары карап, чечип берсе жакшы болмок ", — деди ал.

Белгилей кетсек, кечээтен бери Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

Мэрия маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилерин билдирген.

205
Белгилер:
кымбаттоо, тариф, айдоочу, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
Тема боюнча
Мэрияда Бишкектин транспорт көйгөйүн чече турган долбоор каралбай жатканы айтылды
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

48
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
48
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы
Вакцина алып жаткан кыз. Архив

Түркиянын вакцинасы Кыргызстанда сыналабы? Министрдин жообу

37
(жаңыланган 23:02 24.06.2021)
Түркиянын саламаттык сактоо министри Turcovac вакцинасынын үчүнчү фазадагы сыноосу Кыргызстанда өтө тургандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түркия коронавируска каршы вакцинасын үч өлкөдө сынайт, анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ата мекендик вакцинанын үчүнчү фазадагы сыноосу башталгандыгын айткан.

"Үчүнчү фазадагы изилдөөгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноолор Венгрия, Азербайжан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Биз тизмеге дагы башка мамлекеттерди кошууга аракет кылып жатабыз", — деген министр.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Түрк тарап сунуштап жатат, бирок биз алардын шарттарын билгибиз келет. Азырынча кат алмашуу гана болууда", — деди министр.

Препарат кооптуу эмеспи деген суроого Бейшеналиев "кооптуулук болушу мүмкүн" деп жооп берди.

Ал ошондой эле ортодо эч кандай макулдашуу жок экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm менен эмделип жатышат.

37
Белгилер:
сыноо, вакцина, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес