Жапаровдун маалымат катчысы: ЖМКлар менен болушунча тыгыз иштешебиз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНазначенный пресс-секретарем президента Кыргызстана Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев
Назначенный пресс-секретарем президента Кыргызстана Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Алты айдан бери иштелип жаткан Кыргызстандын маалымат саясаты боюнча долбоордун концепциясы бүгүн коомчулукка жарыяланды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жалпыга маалымдоо каражаттары менен мүмкүн болушунча тыгыз кызматташып, зарыл деген маалыматтарды берип турарын айтты.
Кыргызстандын маалымат саясаты боюнча алты айдан бери иштелип жаткан долбоордун концепциясы бүгүн коомчулукка жарыяланып, ал үчүн атайын улуттук медиа форум өттү.
Султанбаев форумда сүйлөп жатканда ЖМКлар менен мамлекеттик органдардын кызматташуусу үчүн алардын ортосунда жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.
"Жаңы концепциянын өзөгүндө сөз эркиндигинин принциптери киргизилиши керектигин белгилеп кетмекчимин. Бул мамлекеттин Баш мыйзамында так айтылган. Мен президенттин маалымат катчысы кызматында мындай салмактуу медиа коомчулук менен биринчи ирет кезигип отурам жана сиздерге мүмкүнчүлүккө жараша жакын болуп, зарыл болгон маалыматтарды берип турууга өзүмдүн атымдан ишендирип кетейин. Бирок бардык ЖМКлардын өкүлдөрүн мамлекеттик органдардан тактап алып, шексиз, туура маалыматтарды берүүгө чакырам", — деди маалымат катчы.
"Маалымат саясатын иштеп чыгуу концепциясы: мамлекет менен медианын диалогу" деп аталган улуттук медиафорум "Медиа диалог" долбоорунун күчү менен уюштурулган. Аны Европалык биримдик Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурган.
Концепция диалогу 2021-2025-жылдар үчүн кабыл алынган. Долбоордун документи алты айдан ашуун убакытта кызыкдар болгон тараптардын кеңири курамында иштелип чыккан. Ага контент өндүрүүчүлөрдүн, медиа уюмдардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан. Андан тышкары коомдук жана бизнес уюмдарынан, билим берүү мекемелеринен келген.
Жогорку Кеңеш жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
"Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамы кайра каралып, бир министрлик каршы чыкты
Концепция Кыргызстандын маалыматтык суверенитетин камсыз кылуу жана медиа секторду өнүктүрүү, сөз эркиндиги менен пикирлердин ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн шарт түзүүгө арналган.
Бул документ орто мөөнөттөгү келечекке карата өлкөнүн маалымат саясатынын максаттары жана милдеттери, анын ичинде медиадагы пикирлердин ар түрдүүлүгүнө жана рынок мамилелеринин өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чаралары боюнча тараптардын бирдиктүү пикирин билдирет.
2021-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөткө карата Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору андан аркы коомдук талкуу үчүн http://kyrgyz.media/ сайтында жайгаштырылган. Сунуштар менен комментарийлерди kyrgyzmediakit@gmail.com дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлнур Осмоналиевага жиберсе болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0