Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору алмашты

© Sputnik / Владимир ФедоренкоАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Кызматтан кеткен Медер Карабаев үстүбүздөгү жылдын февраль айында Акин Токталиевдин ордуна келген болчу.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Президенттин башка жарлыгы менен аталган кызматка Тойгонбай Абдыкаров дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0