Маршрутка көйгөйү: эки фирмага айып салынып, 34үнө эскертүү берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Борбор калаада эки күндөн бери маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай жатат. Алар жол кирени көтөрүү талабын коюуда.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган эки фирмага 13 миң сомдон айып салынып, 34үнө эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов парламенттин жыйынында билдирди.
Анда депутат Бурун Аманова иш таштагандардын лицензиясын алып башкасына берүүнү сунуштады. Бирок Кудайбергенов муну аткаруу мүмкүн эместигин белгиледи.
"Биз 34 фирмага эскертүү жазып бердик. Ал эми Транспорт министрлигинин инспекциясы экөөнө 13 миң сомдон айып салды. Баарынан баш тартуудан алыспыз, айдоочуларды дагы түшүнүп жатабыз", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.
Борбор калаада эки күндөн бери маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай жатат. Алар жол кирени көтөрүү талабын коюшууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0