Диетолог идеалдуу кечки тамак кандай болушу керектигин айтты

© Фото / Pexels / Malidate VanГрильде бышырылган жашылча менен балык. Архив
Грильде бышырылган жашылча менен балык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, эгер адам түнкү саат 23:00дө жата турган болсо, анда кечки тамакты 18:00-19:00дөн өткөрбөй жеши керек.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Диетолог Светлана Фус кечки тамакты уктаганга чейин 3-4 саат эрте жеш керектигин белгилеп, бул убакытка ылайыктуу делген азыктарды санап берди. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Анын айтымында, эгер адам түнкү саат 23:00дө жата турган болсо, анда кечки тамакты 18:00-19:00дөн өткөрбөй жеши керек. Бул инсулин менен байланыштуу. Ал тамак ичкенде дароо көтөрүлөт дагы уктаар алдында өз калыбына келип калганга жетишет.
"Бул организмге түндө майлардын запасын энергия катары колдонууга жардам берет. Дагы бир маанилүү нерсе — кечки тамак менен эртең мененки тамактын ортосу 12 сааттан кем болбошу керек. Тамактануу режимин пландаганда бул нерсени да эске алыңыз. Ошондуктан эгер сиз кечки саат 20:00дө тамактансаңыз, 8:00дөн ашкандан кийин эртең мененки тамакты жешиңиз керек", — деген адис.
Жашылча-жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Диетолог туура тамактануунун 4 принциби менен бөлүштү
Диетолог кечки тамак күндүзгү тамактын 20 гана пайызын түзүшү керектигин белгилеп кеткен. Фус кечкиге бууга бышырылган тамактарды, эт, балык эти же деңиз азыктарын сунуштаган.
Анын айтымында, адам эң негизгиси өтө катуу тоюп албаш керек. Ошол эле учурда жатарга чейин курсак ачпагандай тамактануу кажет. 
Жаңылыктар түрмөгү
0