Бишкекте маршрутка айдоочулары үчүнчү күнү да жумушка чыккан жок

© Sputnik / Эламан КарымшаковСитуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток
Ситуация в Бишкеке во время забастовок водителей маршруток - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Жакында эле мэрдин милдетин аткаруучу маршрутка айдоочулары 4-июнда да жумушка чыкпай коюшу ыктымал экенин эскерткен.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Маршрутка айдоочулары бүгүн да ишке чыккан жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Маршрутка көйгөйү: эки фирмага айып салынып, 34үнө эскертүү берилди
Кабарчылардын байкоосуна караганда, мурдагы күндөргө салыштырмалуу бүгүн аялдамаларда эл анча көп эмес.
Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маршрутка айдоочулары 4-июнда да ишке чыкпай коюшу ыктымал экенин эскерткен.
Эске салсак, 2-июнда Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары иш таштаган. Алар мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго жогорулатууну талап кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0