Чоң-Алайдын акими Абыкеев: чек арабызды коргоп алганга даярбыз

© Sputnik / Зульфия ТургуноваРегионы Кыргызстана. Чон-Алайский район
Регионы Кыргызстана. Чон-Алайский район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бүгүн түнкү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.
Ал кыргыз тараптан аскерлер жана атайын техника тартылбаганын белгиледи.
© Фото / полпредство ПКР в Ошской областиОш облусунун Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев
Аким Чон-Алайского района Темирболот Абыкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев
"Азыркы учурда негизинен абал тынч. Бишкектен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган делегация келе жатат. Жергиликтүү тургундар чогулган жок. Ал жакта "Карамык" чек ара заставасы бар. Жай тургундарга кооптуулук жаралбайт. Контейнер коюлган жер калктуу конуштан аябай эле алыс жайгашкан. Биз тартаптан аскерий техника тартылган жок, азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатат. Бирок бардыгы даяр турат, тиешелүү тараптан команда болсо биз өз чек арабызды коргоп алганга даярбыз", — деди аким.
Визит председателя ГКНБ Камчыбека Ташиева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кетти
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айткан.
Өкмөт муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0