Ош облусунун башчысы Абдраимов Чоң-Алай эли менен тыгыз иштешүүнү тапшырды

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловСоветник вице-премьер министра правительства КР Жарасул Абдураимов
Советник вице-премьер министра правительства КР Жарасул Абдураимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бүгүн түндө чек арада кырдаал чыңалып, тажик тараптын аскерлери техникасы менен топтолуп жатканы байкалган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов жергиликтүү бийлик органдарына чек арадагы кырдаал тууралуу Чоң-Алайдын тургундары менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. Бул туурасында облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Регионы Кыргызстана. Чон-Алайский район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Чоң-Алайдын акими Абыкеев: чек арабызды коргоп алганга даярбыз
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айтууда.
Өкмөт муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0