"Хуйман" деп күлкүгө калган депутат Бакиров элге жооп берди. Видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Омурбек Бакиров
Депутат Жогорку Кенеша Омурбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Кечээ, 3-июнда, парламенттин жыйынында депутат менен министр лабораториялардын аталышын айта албай жаңылышкан.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров жеке лабораториянын атын туура эмес айтып алганы үчүн күлүп жаткандарга жооп берди. 
Ал чет тилинен алынган сөздү айткандан жаңылганга эмес, айтылган кептин төркүнүнө маани берүү керектигин белгилеген.
"ПЦР-анализ алып жаткан жеке менчик лабораториялардын ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүп жатып, чет тилиндеги аталышын айтуу мен үчүн кыйынчылык туудурду. Бул соцтармактарда талкуу жаратып, сын пикир айткан жарандарыбызга жооп бергим келип турат. Эне тилибизде сүйлөшүп жатып адашып кетсек бир жөн, чет тилдеги бир сөздүн тамгасына эмес, сүйлөмдүн маанисине көңүл бурууңуздарды суранам", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал ПЦР-тест алган жеке лабораториялар бир анализ үчүн 1700-2000 сомдон алып элди, мигранттарды кыйнап жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кезеги менен жаңылган. Министр жеке лабораториялардын аталышын "Бонецкий" (Бонецкий лабораториясы), "Афраварк" ("Аква Лаб"), "Евролаг" ("Евролаб") десе, депутат "Хуйман" (Human) деп айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0