Милиция кызматкерлери Сапат билим берүү мекемесинин дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандыны издөө учурунда

Бишкек милициясы Орхан Инандыны кантип издеп жатканын көрсөттү. Сүрөттөр

1876
(жаңыланган 13:34 04.06.2021)
Өткөн суткаларда милиция бардык мейманканаларды, курулуп жаткан имараттарды, гараждарды, унаа токтотуучу жайларды, завод, фабрикалардын каралбай калган имараттарын жана сейил бактарды текшерген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Милиция "Сапат" билим берүү мекемесинин дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандыны издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Активдүү издөө иштери Бишкек шаары менен Чүй облусунда жүргүзүлүүдө.

"Өткөн суткаларда бардык мейманканалар, курулуп жаткан имараттар, гараждар, унаа токтотуучу жайлар, завод, фабрикалардын каралбай калган имараттары жана сейил бактар текшерилди", — деп айтышты милициядан.

Ошондой эле издөө иштери шаар четиндеги аймактарда, тоо этектеринде, талааларда, суу каналдарында жана таштанды төгүүчү жайларда жүргүзүлүп жатат. Издөөгө иттер жана дрон дагы колдонулуп жатат.

Шаарга кирип-чыккан жер мобилдик жана стационардык посттор аркылуу көзөмөлдөнүп жатат.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.

Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издегенин маалымдаган.

1876
Белгилер:
издөө, милиция, Бишкек, Орхан Инанды
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (23)
Тема боюнча
Бишкек милиция: Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

44
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

44
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

82
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

82
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео